Курулуштагы паракорчулук: эмнеге аарынын уюгуна тийишпейт?

Кыргызстанда жыл сайын 650 миң метр кв. турак жай ишке киргизилет. 2018-жылы ИДП (ички дүң продуктунун) структурасында курулуштун үлүшү 8,8%ды түзгөн. 2014-жылдан бери 1,4%га өскөн. Демек, курулуш бизнеси жакшы киреше алып келет, аны менен бирге ичинде коррупциянын жогорку деңгээли бугуп жатканы негедир айтылбай келет.

Бул жерде – бизнес тынчтыкты жакшы көрөт – деген экономикалык мыйзам өкүм сүрөт. Ошондуктан аткаминерлердин акча алганы, тоскоолдуктарды жаратканы жөнүндө эч ким ачык айтып чыкпайт. Эки тарап тең ыраазы: аткаминерлер конверттерин алышат, ал эми курулушчулар өз долбоорлорун жүзөгө ашырышат. Бул тууралуу жана курулуш бизнесиндеги башка көйгөйлөр жөнүндө Мамлекеттик курулуштун мурдагы кызматкери айтып берди. Албетте, ысымын ачыкка чыгарбады.

Генплан

Анын айтымында, курулуш тармагындагы эң алгачкы тосмо – бул тээ Союз учурунан бери келе жаткан шаардын курулуш документациясы.

“Советтик мезгилде шаарлар Генплан менен курула турган. Анда бардыгы каралчу: өнөр жай зонасынан эл жашаган кварталдарга чейин. Азыр план боюнча бала бакча салынышы керек болсо, курулушчулар көп кабаттуу үй курганга уруксатты сатып алышат. Ушул жерден “маселе” жаралат. Анын үстүнө Генпланда калктын санына чейин каралган. Башкалаабыздагы калктын саны көбөйгөн сайын тыгындар пайда болду. Кууш жолдор ал үчүн күнөөлү эмес.

Архитекторлор Генплан азыркы Бишкектин жүзүн өзгөртөт деп ишенишет. Бирок базар мамилесинде аны жүзөгө ашыруу мүмкүн эмес. Муниципалдык бийлик кантип жер ээсин муну саласың, сыртын мындай кыласың деп мажбурлай алат? Бул башмыйзамды бузганга жатып калат – жеке укукка кол салуу!

Биздин шаарды тоодон келген шамал желдеп тургандай кылып курулган. Бирок өзүнчө курулуштар менен муну бузуп салганбыз. Ошондон улам шаарды түтүн каптап, уулуу туман басып жатат. Советтик доордун курулуш принциптерин карманса болот дечи. Бирок ал үчүн шаардын деталдуу, майда-чүйдөсүнөн бери камтыган план керек болот. Анын иштеп чыгуу абдан көп каражат турат. Ошондуктан бизде деталдуу пландоо бекиген эмес. Ал документ жок болгон соң, мыйзамга ылайык, Бишкекте курулуш кылууга дегеле болбойт. Мунун бардыгына көз жумулуп жатпайбы, кантсе да курулуш компаниялардан киреше кирип, бүджет толуп жатат”, – дейт маектешибиз.

Ким пара сурайт?

Анда эмесе, курулуш башталды дейли. Курулуш жүргөн жерди коммуникацияларга кошууга туура келет. Кээде бир нече квартал алыстагы короолорго кошкон учурлар да бар. Муниципалдык бийлик үй ээлеринин кошуну (ТСЖ) менен маселе чечкенге жардам бербейт.

Долбоордун курулуш планы болот, ага кайсынысы кайда экени көрсөтүлөт. Машинелер кайдан киргенин  Бишкектин жол эрежелер башкармалыгы менен макулдашың керек, алар справканы 20 күн кармайт. Эгерде долбоор өкмөттүк жолдорго чукул жерде болуп калса, анда аны УКМКнын 9-бөлүмү менен макулдашасың.

Курулушчулардан өз үлүшүн атүгүл аскердик прокуратура да алат, анткени алар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине басым көрсөтө алат. Өрт коопсуздугун да алар менен чечесиң.

Айтор, курулуш бизнесине бардыгы эле сүлүк курттай жабышып алган. Атүгүл милиция кызматкерлери барып, курулушчулардын катталган даректерин текшеришет. Курулуш – бардыгынын кызыкчылыгын камтыган тармак. Коррупционерге да пайда, курулушчуга да пайда, жапа чеккен тарап – бул батир сатып алуучулар.

Көп батирлүү үйдүн долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн 80 документти макулдашуу керек. Алардын баасы – 100 миң доллар болот. Бул батир баасына кошулуп, аны сатып алгандар төлөйт. Кээде документтердин бардыгын өз ордунда болсо да, кээ бир аткаминерлер өз конвертин алуу үчүн жөн эле кол коюу процессин токтотуп коюшат. Уруксат кагаздарын алуу тартиби 2011-жылдан бери жаңылана элек. А жылына бир жолу жаңыланып турушу керек болчу. Мамкурулушта бардык тараптар менен иштешкен бөлүм бар. Ал бөлүмдө үч эле киши иштейт, анан кайсыл сапаттуу жумуш жөнүндө сөз болсун? Ошондуктан Башкы архитектурага бир чоң келип алып, ар кандай коррупциялык схемаларды түзүп жатат деген болбогон кеп. Ал жакта бир нерсе ойлоп таап да кереги жок, бүтүндөй система өзү коррупциялашкан. Курулушчулар бул көйгөйдү эмнеге ачык айтып чыгышпайт? Анткени өз долбоорун жүзөгө ашыра албай калат. Андан көрө чиновниктерге берип кутулган жакшы. Системанын өзүндө реформа жүрмөйүнчө, уруксат кагаздарын алуу тартипке салынмайынча, чиновниктерге конверттерди жөнөкөй сатып алуучулар төлөй бергени төлөй берген” – дейт мурдагы Мамкурулуш кызматкери.

KyrgyzToday.kg кыргызчылады

Булак: akchabar.kg

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *