Куткаруучу Нурлан Абдайыров: Автоунаа дарыяга кулап кетип, бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү каза болгон

Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну Нурлан Абдайыров 9 жылдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүндө коопсуздук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келет.

“Турмуш” басылмасынын журналистине берген маегинде билдиргендей, ал 1986-жылы Кочкор районунун Ак-Учук айылында туулган. Кыргыз улуттуку университетинин география жана экология факультетин аяктаган. Учурда ал үй-бүлөлүү, 2 кыздын атасы.

“Куткаруучу болуу – бул жоопкерчилик. Жумуш шамдагайлыкты талап кылат, ошондуктан ар бир секунд маанилүү. Эгерде шашылбаса, жардамга муктаж болгон адам каза болуп калышы мүмкүн. Өрт кырсыктары көп катталат. Негизинен тоют чөптөрү көп өрттөнөт. Бир жолу турак үй өрттөнүп жаткандыгы тууралуу телефон чалуу келип түшкөн. Биз жерине барып, өрттү өчүрө баштадык. Кошуналар өрттөнүп аткан үйдө киши калып калганын айта башташты. Көрсө, эшик ички тарабынан бекилиптир. Аны ачкандан кийин үйдүн ичи түтүн каптап, дем алууга мүмкүн эмес болчу. Кесиптешим экөөбүз үйдүн ичинен үй ээсин таап, куткарып чыкканбыз. Негизинен, адамдардын отко болгон жоопкерчиликсиз мамилесинен улам өрт кырсыктары көп катталат” – дейт ал.

Нурлан белгилегендей, жол кырсыгы болгон жерге куткаруучулар дагы чакырылат. Кээде бир күндө 2 жол кырсыгы катталган учурлар да болот.

“Бир жолу Нарынга бараткан жолдо унаа катуу ылдамдыкта баратып, бакты сүзгөн. Жыйынтыгында, 3 жүргүнчү жерине каза болгон, бир гана айдоочу аман калган. Унаадан каза болгондордун сөөгүн алып чыгыш үчүн унааны кесүүгө туура келди. Адамдын жансыз денесин көрүү өтө оор. Ар кандай ойлор келет… Бирок, жумушуңду аткарып, сөөктөрдү тез жардам кызматына өткөрүп бериш керек. Менимче, көпчүлүк учурда жол кырсыгы айдоочунун күнөөсүнөн улам болот же жөн эле кырсык болот. Бир нече жул мурун Кувакы ашуусуна жакын Сары-Чат аймагында түндө жол кырсыгы катталган. “Ауди” үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кетип, дарыяга түшүп кеткен. Анын ичиндеги аялы менен күйөөсү  болуп, кырсыктан улам каза тапкан. Андан кийин, унаада ымыркайы менен аял бар болгону белгилүү болду. Көрсө, ага күйөөсү теелфон чалып, бирок байланыша албай койгон. Андан кийин аялынын бир тууганына чалып, алар али жете электигин билет. Ошондон кийин издөө иштери башталат. 9 айлык ымыркай менен энесин жол кырсыгы катталган аймактан 200 метр алыс жерден, дарыянын жанынан табышкан. Кыязы, кырсык болгон кезде аял баалсын эмизип жатса керек. Алар ошол абал бойдон каза болушуптур. Кырсык ноябрь айында болгон. Ал күнү 2 жол кырсыгы катталган” – деп эскерет Нурлан.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *