Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Куудул Тынар Курбаналиев пневмония илдети менен жабыркап жатат
КООМ

Куудул Тынар Курбаналиев пневмония илдети менен жабыркап жатат

Куудул Тынар Курбаналиев пневмония илдети менен жабыркап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда ал өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу билдирген.

“Достор аты кургур оору менен мен да күрөшүп жатам. Дуба кылып коюңуздар, – деп жазган ал.

Белгилей кетсек, буга чейин ырчы Дайыр Исмадияров коронавирус инфекциясынын жеңил түрү менен ооруган. Ошондой эле, ырчы Гүлнур Асанова дагы бул илдет менен ооруп, айыкканын билдирген.

“Буйруса 15-күнү жыт, даам сезип, маанайым кадимкидей көтөрүлүп калды. Кабатыр болуп, акыбалымды сурагандарга ыраазычылык билдирем. Өтө чоң дем-күч бердиңер. Жакшы сөз алда канча адамдын башын көтөрүп коет экен. Жараткан колдосун ар бириңиздерди. Оорубагыла. Мен элиме өз салымымды дагы да болсо, изоляцияда болуп деле колумдан келишинче кошо берем”, – деп билдирүү калтырган ырчы айым.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Адинай Мырзабекованын эстелиги тургузулду

Видео – Милиция Жогорку Кеңештин жөнөкөй кызматкерлерине кол салган аялдарды издөөдө

Шералы тапкан, Шамшыбек жеткен сулуу кыз