Куудул Тынар Курбаналиевдин сатирасы текшерилип, анан сахнага коюлабы?

Мындан ары куудулдардын сахнадагы программаларын көркөм эксперттик комиссия көзөмөлгө алат. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, аталган министрликке  элдерден айрым куудалдарга нааразы болуп, алар сахнадагы маданияттуулукту кармабай жатканы боюнча кайрылуу келип түшкөн. Алардын кайрылуусунун негизинде мыйзам чегинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп,  маданиятка туура келбеген сатираларга чара колдонуу боюнча атайын көркөм эксперттик комиссия иш алып барат.

Эске сала кетсек, буга чейин социалдык тармактага айрым адамдар кээ бир куудулдар чектен ашып кеткенин баса белгилеп, алардын да аттарын атап маданият министрлигине кат жолдошкон. Анда өзгөчө куудул Тынар Курбаналиевге нааразы болуп, анын сатирасына карата чара көрүү боюнча жазылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *