«Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу« КР Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 14-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты анын нормаларын «Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү болуп саналат.

Мыйзамдын 2-беренесине ылайык, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *