Кыйылган өмүр, боздогон эне

“Параграф” гезитине 2016-жылы 5-майында “Кыйылган өмүр, боздогон эне” аттуу  макала жарык көргөн болчу. Бул макалада 1992-жылы туулган Молдожанова Кылымбүнүн аянычтуу өлүмү баяндалган. Кылмышкер деп табылган Кубанычбек Талипов уккан  адам чыдагыс кылмышын моюнуна алып, Ысык-Көл райондук соту тарабынан 25 жылга эркинен ажыратылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымынын  мурдагы биринчи орун басарынын “боорукерлигинен” иш бузулуп, кайра кароого жиберилген  эле. Мына эми, кудайдын көзү түз болуп, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук соту  эки буттуу айбан аталган Кубанычбек Талиповду өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Убал-сооптон коркушпаган К.Талиповдун жакындары, бул өкүмдү Ысык-Көл областтык сотко апелляциялык даттануу келтиришип, өкүмдү өзгөртүүгө жан далбас уруп жатышканы редакциябызга маалым болду. Билегине чейин жаш кыздын канына малынган кылым кылмышкери атанган К.Талиповдун Жети-Өгүз райондук соту чыгарган өкүмүн Ысык-Көл областтык соттук коллегиясы өзгөртөбү же күчүндө калтырабы, аны соттордун абийири менен ыймандарына коюп, мындан эки жыл мурда орун алган кылымдын кылмышын дагы бир жолу эсиңиздерге салып, эч өзгөртүүсүз жарыялап отурабыз.

Бул уккан кишинин жүрөгүнүн үшүн алган окуя Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 2012-жылдын жай айында, тактап айтканда 31-июль күнү болуп өткөн эле. Он гүлүнүн бир гүлү ачылбаган, аталган шаарга студенттик практикасын өтүүгө барып, эки буттуу айбандын колунан ажал тапкан, 1992-жылы туулган Молдожанова Кылымбүнүн аянычтуу өлүмү тууралуу кайра башынан жазып чыгуу канчалык оор, кайгылуу болсо дагы, чыркыраган чындыкты тебелеп-тепсегиси келген кээ бир ыйманы жок соттордун, кудайдан коркушпаган тергөөчүлөрдүн, акчага сатылган жактоочулардын жасап жатышкан иш-аракеттерин көрүп туруп, жаңыдан унутула баштаган бул трагедиялуу окуяны элдин элегине алып чыгууга туура келип турат. Арабызда адаммын деп жүргөн, эки буттуу айбан (мындан башка сөз таба албай турабыз) Талипов Кубанычбек Аксайбе- кович тарабынан өзгөчө мыкаачылык менен зордукталып өлтүрүлгөн кыздын ата-энеси, бир туугандарынын 2012-жылдан берки акыбалын эске ала отуруп, уккан адамды селк эттирген окуянын кээ бир учурларына токтолбоону туура деп таптык. Жасаган оор кылмышын толугу менен моюнуна алган К.Талипов 12-ноябрь 2012-жылы Ысык-Көл районунун соту тарабынан 25 жылга эркинен ажыратылган. Кийинки, Талиповдун жактоочулары тарабынан киргизилген апелляциялык жана көзөмөл иретиндеги арыздары дагы, Ысык-Көл областтык соттук коллегия, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан каралып чыгып, райондук соттун жогорудагы көргөзүлгөн өкүмү эч өзгөртүүсүз калтырылган. Эми минтип арадан бир топ убакыт өткөрүп алып, Кылымбүнүн туугандары үчүн жаңы эле эскирип бара жаткан бул кандуу жара К.Талиповдун туугандары жана жактоочулары тарабынан кайрадан көтөрүлүп жатат. Болбогон шылтоолорду таап чыгып, ишти кайра буздуруп, учурда Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун соту Намазбековдун кароосунда кайрадан каралып жатат. Бул боюнча кайрадан журналисттик иликтөөнү колубузга алып, болуп жаткан сот отурумдарына көз салып турууга бел байладык. Иштин сотко түшкөндүгүнө бир жылдай убакыт болуп калса дагы, көрүнгөн шылтоону бетине кармап сот Намазбековдун “өзүм билемдиктеринин” айынан ушул убакытка чейин жылдырылып келет. Соттук отурумду эртең мененки он, он бирге белгилеп коюп, кечки төрт, бештерде чала-чарпыт баштаган учурлары деле жок эмес. Соттук отурумдарга катышып отурган адамга Намазбековдун алып барып жаткан ишин көрүп отуруп, К.Талипов кылмышкер эмес эле, жабырлануучу тарап экен деген ойго айласыз жетеленесиң. Өзүнүн соттук этиканы сактаганды кой, мантиясыз отуруп алып, кан жутуп отурган Кылымбүнүн энеси Ибраимова Апалга атырылып: “Эмне акчаң көппү, миллионерсиңби?” – деген сөздөр менен кагып-силкип, болбогон шылтоолор менен эртең менен болчу процессти кечкиге калтырып, “Мына бизде эми свет дагы жок, светке мамлекет акча бербейт”,- деп көрүнгөндү тантырап, отурумду фонарик менен өткөрүмүш болгон сот Намазбековдун кылык-жоругуна баа берчү адам жокпу  дешип, жакындары карайлап турган чактары. “Жаман катын кошокчу” дегендей, жумурткадан кыр издеп отурушкан Талипов тараптын чырагына май тамызып албайлы деп, ошол эле учурда сот жүрүп жаткандыгына байланыштуу “сотко кысым, басым болуп жатат” деген жалган жалаадан алыс болууну көздөп, журналисттик этикабызды сактап, бул ишке байланыштуу кээ бир ыймансыз, кудайдан коркпогон соттордун, укук коргоо органдарындагы кызматкерлердин жосунсуз жоруктарын төкпөй- чачпай айтып бергенге убакыт келээр деген чоң үмүттөбүз

Айгүл ИМАНАЛИЕВА

Булак: Параграф 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *