Кылычбек Саркарбаев кызмат ордунан убактылуу четтетилди

Ош шаарынын дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин жетекчиси Кылычбек Саркарбаев кызмат ордунан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу ал журналисттерге интервью берип жатып билдирди.

“Бүгүн шаар башчысы Таалайбек Сарыбашевге кирдим. Бир жаңсыл болгуча өз арызым менен жумушта четтетип турууну өтүндүм. Таалайбек Насирбекович дагы бул сунушумду туура көрүп, колдоду” – деп билдирди.

Ал журналисттерге интервью берип жатып, Төлөгөн Рахманберди уулу инисин экенин, анын жакында тараган билдирүүсүн түшүнбөгөнүн айткан. Анын ою боюнча Төлөгөн Раманбердинин кайрылуусунда кээ бир адамдардардын жеке кызыкчылыктары бар болушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, 14-февралда ММА мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу ага карата коркутуп-үркүтүү болуп жатканын айтып, президенттен жардам сураган. Ал ооруканада жатканда  Кылычбек Саркарбаев келип, башына тапанча такап коркутканын айткан.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын 22-сентябрда таңга маал Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышуу болгон. Анда эрежесиз мушташтын чебери Төлөгөн Рахманберди уулу жараат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Оорукананын травматология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Маматалиев анын жоон санына ок тийгенин айткан.

Оштогу ок атышкан окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканын ИИМдин маалымат кызматы бүгүн билдирди. Алардын айтымында, Кылмыш кодексинин “Денеге оор залал келтирүү” беренеси боюнча иш козголуп, күбөлөр суралып жатат.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *