Кыпчактар (кыргыздын кыпчак уруусу эмес) жана эл каттоо

Быйылкы эл каттоо маалында кыпчак маселеси кантээр экен деп аттым эле. Эл каттоо кийинкиге жылып, алар тууралуу чакан пост жазуунун кыябы келип турат.

1999-жылкы, анан 2009-жылкы эл каттоонун алдында жана эл каттоодон кийин өздөрүн алигиче кыпчакпыз деп билген этнографиялык топтун өкүлдөрү менен бир нече мертебе жолуктум.

Негизи, Фергана өрөөнүндө кыпчактын эки түрү бар. Бири – кыргыздын ичкилик тобуна кирген кыпчак уруусу, экинчиси – коңшу элдерге көп жуурулушпай, обочолонгон этнографиялык топ.
Экинчи топтун көпчүлүк бөлүгү Өзбекстандын аймагында жашайт. Мына ушул экинчи топтун Кыргызстанда калган өкүлдөрү улуту деген жерге “кыпчакпыз”, “кыргыз-кыпчакпыз” деп жазыла алышпай эле убара.

Ала-Букалык өкүлү менен сүйлөштүм. “Же кыпчак, же кыргыз деп каттагыла десек, эл каттоочулар түк муюбай коюшту” – деп муңун айтты.

Түбү Намангандан келген бир нече өкүлүн кепке тарттым. Ошол эле көрүнүш.

Быйылкы эл каттоодо кантишээр экен деп ойлонуп отуруп, мынабу окуяларды эстеп ийдим.

1920-жыл, Анжийан калаасы, кыпчак-кыргыз курултайы.

Кыргыз элинин Октябрь революциясынан кийин улуттук-мамлекеттик түзүлүшкө ээ болууга умтулуу жолунда ар түрдүү демилгелер көтөрүлүп, 1922-жылы Тоо облусун уюштуруу аракети болгонун, 1924-жылы Кара-кыргыз автоном облусу негизделгенин билебиз.

Бирок, ага чейин – 1920-жылы Анжийан-Алайдын көчмөндөрү жогорудагы “кыпчак-кыргыз курултайына” чогулуп, өзүнчө бөлүнүү, ынтымакташуу маселесин талкуулашканын биле бербейбиз.
“Курултайга Кетмен-Төбө элинин атынан 18 манап делегаттыкка шайланган эле” – деп эскерген бул окуяны кийин Кара-кыргыз облусун уюштуруучулардын жана жетекчилеринин бири Махмут Ботпаев.

1924-жылы Кара-кыргыз автоном облусу түзүлүп, жетекчилери Наманган, Анжийан, Коргон-Төбөнүн арасындагы кыпчак аттуунун баарын Кыргызстанга кошууну суранышкан. Москвага үстү-үстүнөн кат жазып, күрөшүшкөн.
Так ушул жылдары атактуу тилчи Е. Поливанов ферганалык кыпчактардын тилин атайы изилдеп, кыргыз тилинин түгөйү, кыргыз тилине эң жакын турган тил деген илимий тыянагын чыгарган.

Айтайын дегеним, Кара-кыргыз облусунун жетекчилери жан үрөп күрөшкөн мүдөөнү бүгүнкүнүн катардагы эле эл каттоочулары калемдин учу менен таш каптырып жатышканы кызык.

Бирок, айрым адистер компартиянын мүдөөсүнө тууралап (маселен, К. Шаниязов) 1980-жылдары аталган этнографиялык топ “өзбек улутунун курамына ийгиликтүү түрдө жуурулушту” деген тыянак жасап жиберишти эле.

Арслан Койчиев, тарыхчы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *