Кыргыз аба толкунунда “Next FM” радиосу иштей баштады

Бүгүн, 30-апрелде таңкы саат 07.00дөн тартып кыргыз аба толкунунун 98,1FM жыштыгында “Next FM” радиосу иштей баштады.

Кеңсеси Бишкекте жайгашкан бул радионун жетекчиси Таалай Дүйшөмбиевдин айтымында, программалардын 50%дан ашыгы кыргыз тилинде эфирге чыгат. Анда чыгармачыл жаамат өзү жараткан программалар менен катар “Азаттык” радиосунун кыргыз тилиндеги берүүлөрү таратылат.

Ал эми орус тилиндеги берүүлөрү 50%га чейин түзүп, негизинен Россиянын эң популярдуу “Эхо Москвы” радиосунун берүүлөрүн алып, Кыргызстанга таратат.

Биз билгенден “Next TV” телеканалы менен “Next FM” радиосунун ээси болуп оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков эсептелет.

Булак: KyrgyzToday

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *