Кыргыз балетин дүйнө жүзүнө тааныткан балет бийчиси Чолпонбек Базарбаев эскерилет

СССРдин эл артисти, Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын алдынкы балет бийчиси, кыргыз балетин дүйнө жүзүнө тааныткан Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына арналган “XX кылымдын балет генийи” аталышындагы илимий-практикалык конференция жана көргөзмө 4-ноябрда, саат 15.00дө Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда аталган китепкананын басма сөз кызматы билдирди.

Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы 4-февралда Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында туулган. 1993-1996-жылдарда маданият министри болгон. 2002-жылы 53 жаш дүйнөдөн кайткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *