Кыргыз дөөлөттөрүнүн сыры кылымдарда

Эгемен Кыргыз Республикасы жакын арада эле өзүнүн III Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун эң жогорку жетишкендикте, абройдо өткөрүп алганга жетишти. Мындай чоң, эл аралык деңгээлдеги иш чарага узун элдин уз-усталары, кыйырлуу элди кылымга даңазалаган өнөр адамдары жасаган жаңылыктары менен көпчүлүктүн эсинде калды.

Иш чарага башында анча маани бербеген уз-усталар, өнөр адамдары бул жолкусунда өздөрү демилге көтөрүшүп, ал тургай өз каражаттарын жумшаган жагынан дагы кем калышкан жок. Себеби бир аз мурун эле кыргыз элинин улуттук баалуулуктары, дөөлөттөрү болуп келген турак-жайы, кийим-кечеги, тамак-ашы, чарбасы, көркөм кол өнөрчүлүгү арткы орундарга калып, көпчүлүктүн көңүл чордунан чыгып, унутта калып калып бара жаткан. Көчмөндөрдүн оюнунун арты менен унутулган дөөлөттөрүбүздүн айрымдары өз калыбына аздан болсо дагы келе баштады. Алсак, музыкалык аспаптарды жасоочу кол өнөрчүлөр добулбас, жез доол, доолбас, жетиген, жекесан, зуулдак, кабак, туулга чоор ж.б. сыяктуу асраптарды жасап, кесипкөй адистерге беришти, айрымдары жасаган аспаптарын сатканга да жетишишти.

Дагы бир жетишкендик катары кыргыз элинин улуттук тамактарынын, анын ичинде күлазык тамагынын түрлөрү, жасалуу технологиялары, аймактык айырмачылыктары да адистердин кызыгуусун туудурбай койгон жок. Анткени биздин «күлазык бир гана жылкынын этинен жасалат» деп кабыл алып калган пикирлерибиздин бардыгы бир көз ирмемде жокко чыгып кетти десек болот. Чындыгында эле элдик фольклорлорго көңүл бурсак, сүйлөшсө тили бир, дидарлашса дили бир, туугандашса өзөгү бир, жайласа жайлоосу бир, сыйынса мазары бир, жесе тамагы бир болгон казак эли менен чоң тойлордун биринде алардын бир шайыры кадимки Куйручук олуяга тийишип: «Бу, кыргыздар эки эле тамакты билет экен. Кайнатып бир жейт, кууруп бир жейт», – деп шылдыңдап, аны сөзгө жыгууга аракет жасап калат экен. Ошондо Куйручук: «Эми тууганым өзүң баштадың, мен кайнатканын, кууруганын айтпай эле коёюн. Жарманын эле түрүшүн санап берейин. Угуптур: жарма, атала, максым, көмө жарма, кара жарма, таруу жарма, жүгөрү жарма, арпа жарма, буудай жарма, суулуу жарма, суюк жарма, коюу жарма, ачыган жарма, ачыбаган жарма, көжө жарма, сүмөлөк жарма, ботко жарма, кымыз жарма, шоро жарма, шорпо жарма, сүт жарма, сүзмө жарма, ачкыл жарма», – деп эле токтобой, жарманын санын жыйырмадан ашырып бара жатканын көрүп эле: «Кокуйгүн Куке, ак жеңилдим, жарманын эле түрүн мынчага жеткирип жибердиң тамактын түрүн бүгүн кечке айтып түгөтпөйсүз го», – деп качып кутулган тура.

Ушул сыяктуу эле кыргыз элинин улуттук тамак-аштарынын алдыңкы сабында турган күлазык тамагынын дагы бир нече түрү даярдалып келгендигин техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Алымбековдун макаласынан кийин жакындан таанышып чыктык. Алсак, кыргыздар күлазыкты төмөнкү жаныбарлардын: жылкы, уй, кой-эчки, топоз, кийик, төө; канаттуулардын ичинен тоодактын этинен дагы жасашкан. Күлазыкты жасоодо эттер бышырылган, сүрсүгөн жана кургатылган болуп үч түрдө колдонулган. Андан сырткары семиз малдын ич эттери дагы колдонулуп келген. Албетте, аларды тийиштүү деңгээлде кургатып алгандан кийин сок билекке, жаргылчакка, кол тегирменге, көп өлчөмдө жасалган шартта суу тегирменге салып майдалап алган учурлар кездешкендигин улуу муундун өкүлдөрү тастыктап бере алышат.

Күлазык тамагынын бузулбай көпкө сакталышы жана анын даамдуу, кубаттуу болушу үчүн кургатылган чөптөрдүн бүрлөрү, тамырлары да кошулган. Эң кызыгы күлазыкка кошулган дары чөп, курут, талкандан сырткары анын сапаттуулугу, дарылык касиети артыш үчүн озолондун, көк чегирткенин, жыландын, кара курттун, аюунун, кашкулактын, сарымсактын майдаланган аралашмалары дагы кошулуп келген. Бул жерден байкалгандай күлазыкты жасоонун технологиясы эң сонун сакталып калгандыгы белгилүү болуп жатат.

Жогорудан көрүнүп тургандай, күла-зыкты даярдоо үчүн колдо бар малдын эти гана керектелбестен аркар-кулжа, тоо теке, эчкилерди мергенчилерге аттырып келип, алардын эттерин кургатышып, сүртүшүп, күлазык жасашкан. Демек, кыргыз эли байыркы мезгилдерден баштап эле зоологияны, биологияны, ветеринарияны, медицинаны, астрономияны, искусствону мыкты түшүнүшкөн жана аларды күнүмдүк турмуштарында кенен пайдаланышкан деп жыйынтык чыгарса болот. Бирок ошондой болсо дагы улуттук дөөлөттөрүбүздүн көптөгөн тармактары, анын ичинде улуттук тамак-аштар али дагы болсо толук ачылбай, талаа экспедициялары уюштурулбай, изилденбей, изилденсе дагы үстүрттөн аткарылып келе жаткандыгы ойлондурбай койбойт.

Назгүл Анарбекова

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *