Кыргыз элине таандык 700 млн доллар Ташкентке инвестиция болуп агылганбы?

Дүйнө элин өзүбүзгө суктандырабыз деген Мирзиёевдин идеясы ишке ашты

Кыргыз саясатчылары шайлоонун шайтан оюнуна азыртан кирип, бири-бири менен акыйнек айтышып жатса, Өкмөт аке бюджеттин тешигин толтуруунун айласын таба албай, улам бир нерсени ойлоп чыга калууда. Карапайым калкты олчойгон айып пул жүдөтүп бүтсө, ундун баасы болуп көрбөгөндөй кымбаттаганы кооптондуруп койду. Биздин элитабыз коррупционерлер жана алар менен каршы күрөшкөндөр болуп бөлүнүп, ич ара ит-мышык болуп жатсак, коңшубуз өзбектер дүйнөнү өзүнө көңүл бурдуруу менен алек.

Өзбектердин борбору Ташкентте Борбордук Азияда эң ири бизнес борбор болчу “Ташкент-Сити” аттуу ири долбоор ишке ашып жатат. Бул долбоордун баасы 1,3 миллиард долларга бааланган. Анда Борбордук Азияда эң бийик имараттар, бизнес борборлор, мейманканалар, соода-оюнзоок комплекстери, конгресс-холл жана көп кабаттуу турак үйлөр жайгашкан райондор, парк, жасалма көл курулуп, бүтүү этабына келип калды. Долбоор 2021-жылы толук бүтүп, ишке кирет. Ушул жылдын октябрь айында долбоордун алгачкы имараттарынын курулуш иштери тодук бүтүп, ишке берилди. 9-октябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев эл аралык бизнес борбордогу конгресс-холл жана “Hilton” мейманканасына барып, иш менен өзү таанышып чыккан.

3 күндөн кийин Ташкент шаарынын хокими (мэри) Жахонгир Артыкхожаев “Ташкент-Сити” долбоорунун ачылышы тууралуу шаардыктарга “Менин урматтуу элим! Бүгүн биз “Ташкент-Ситини ачып жатабыз. Биз эртең эрте менен элибиз “Ташкент-Ситиге” келип, андагы паркты көрүп, үй-бүлөсү менен эс алып кетүүсүн каалайбыз. Бул долбоор биздин элибиз, улутубуз үчүн! Элибиз келип көңүл ачып кетсин. Мунун баары Өзбекстандын эли, баарынан улук, кымбат улут үчүн!” деп видео кайрылуу жасады.

Ири долбоорду жеке көзөмөлүнө алган Шавкат Мирзиёев 2017-жылдын октябрь айында “Ташкент-Сити – эл аралык коомчулукка өзүбүздү көрсөтүү үчүн колдоно турган долбоор болот” деп айткан. Мирзиёевдин ошол идеясы ишке ашып, эл аралык коомчулук Өзбекстанга көңүл бурууда.

Өзбектердин мындай ийгилигин көрүп суктаныш гана керек. Өз элинин камын ойлогон бийлик, улут үчүн ийилип кызмат кылат. Биздикилерчи? Биздикилер элден өзүн оолак кармап, убактылуу бийликтин кумарына манчыркап жүргөндү жакшы көрөт. Өз улуту, өз эли, өз мекенине кызмат кылганга караганда, чет элдик шылуундар менен жакын болуп, элдин, улуттун байлыгын биргелешип тоногонду чоң иш деп баалашат.

Немецтик фронт

Мындай ири долбоорду ишке ашыруу үчүн өзбек бийлиги британ, корей жана немец инвесторлоруна ишеним артат. Кандай инвесторлор долбоорго киргенине кызыкккан көз карандысыз өзбек журналисттери, чет элдик аналитиктер изилдөө жүргүзүшүп, инвесторлордун эң табышмактуусунун изи Кыргызстандан чыкканына таң калышкан.

Бизде мурунку президент, азыр УКМКнын убактылуу кармоочу жайында ондон ашык кылмыш ишине шектелип кармалып жаткан Алмазбек Атамбаев уйгур улутундагы сырдуу ишкерлер менен өнөктөш болгону ачыкталган маалыматтар чоң резонансты жараткан. Андан кийин “Азаттык” Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар жөнүндө иликтөө жасап, анда дагы бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимов менен иш жүргүзгөн деп уйгур улутундагы ишкерлерге таандык болгон компаниялар тууралуу сөз кылган. Ташкенттеги ири долбоорго инвестор катары кирген компаниялар дагы дал ошол уйгур улутундагы ишкерлерге таандык болуп чыгып жатканы жөн гана дал келүүбү же Кыргызстандан чыгарылган акчалар коңшу өлкөгө инвестиция катары жумшалдыбы?

Германияда катталган Hyper Partners деген компания “Ташкент-Сити” долбоору боюнча 30 кабаттуу соода борборун же “эгиз мунара” курууга келишим түзөт. Кызыгы, 2018-жылдын 3-августунан баштап каржылык документтер тастыктагандай, бул компаниянын жалгыз кожоюну 18 жаштагы Мустафа Палван атуу жигит болуп чыкканында. Компаниянын капиталы болгону 25 миң евро деп гана көрсөтүлгөн. Атамбаевдин уйгур өнөктөшү Субихи Пархати дагы ушундай эле жашта болуп чыкпады беле. Өзбекстанда дагы биздеги схема ишке ашканына ушул биринчи далил десек болот.

Hyper Partners казакстандык ишкерлер менен кызматташкан уйгур ишкерлеринин учу табылбаган сеттерине кирген компания экенин аналитиктер таап чыгышкан.

Нурег РаПпегз компаниясын Валири Вольф жана Евгений Розенберг аттуу жарандар негиздеп, каттоодон 2018-жылдын 26-февралында өткөрүшкөн. Вольф менен Розенбергбул компаниядан сырткары W & R Наndelsgesellschaft GmbH компаниясын 2008-жылы ноябрда, Statuswest GmbН компаниясын 2016-жылы августта каттоодон өткөзүшөт. Ушул 3 компания тең Германияда Дитценбах шаары, Assar-Gabrielson-Strabe 10-14 деген бир эле дарекке катталган.

Вольф жана Розенберггин W & R компаниясынын каржылык отчёту боюнча иши шыр кеткен эмес. Компания жуучун бөлмөгө керектүү товарларды сатуу менен гана алектенген. Германиянын мамлекеттик соода реестринин маалыматы боюнча W & R карызы бар компания болуп саналган.

Өзүнүн атын атагысы келбеген укуктук маселелер боюнча немец эксперти W & R казакстандык акционер пайда болгуча банкроттук абалга кептелгенин айтып берген.

2015-жылы Казакстандын Бауржан Баймуханов аттуу жараны W & R Наndelsgesellschaft GmbH компаниясынын үчүнчү акционери болуп кирет. Баймуханов – кытай бизнесинин кызыкчылыгы менен тыгыз байланышы бар казак ишкери. 2015-2016-жылдары Баймухановдун “Базис Ала-Тау” деген чакан курулуш комланиясы “Чжунфу” деген кытайлык компания менен иш жүргүзгөн. 2018-жылы 20-февралда Баймуханов өзүнүн өнөктөшү Г. Набиева менен 2,4 млн евро боюнча алдамчылык беренеси менен кармалган. Казак ишкери мыйзамсыз иши боюнча кармалгандан 6 күн өтүп, Вольф менен Розенберг Hyper Partners GmbН компаниясын негиздешет.

Кыргызстандан аты чыккан уйгурлар, Ташкенттен көрүндү

2016-жылы Дубайдын жашоочусу, казакстандык этникалык уйгур Абдукадыр Хабибула  W & R компаниясынын негизги акционери болуп чыга келет. Баймуханов менен Хабибула W & R компаниянын 80 пайыз акциясына ээлик кылып, Вольф менен Розенберг 10 пайыздан гана акцияга ээ болуп калат. Кыргыз коомчулугу менен өзбекстандык аналитиктердин табышмагына айланган Хабибула аттуу табышмактуу инвестор немец компаниясына кошулган жыл 2016дан башталган. Вольф менен Розенберг 2016-жылы W & R компаниясынын 20 пайыз акциясына ээлик кылып калгандан 2 жумадан соң Дитценбах шаарынын жашоочусу Палван Хабибула аттуу адам менен бирге жаңы Statuswest GmbН деген компанияны W & R компаниясы катталган дарекке каттатышат. Палван Хабибула компаниянын 80 пайыз акциясына, Розенберг менен Вольв 20 пайыз акцияга ээ болушат. Палван Хабибула менен Абдукадыр Хабибула фамилиялары окшош адамдардай сезилет. Бирок, экөөнүн туулган күнү 1964-жыл 16-февраль болуп чыккандыктан, Палван менен Абдукадыр бир эле адам экенине ишенсе болот. Хабибула 2014-жылы Лондондо Palwan Limited аттуу компанияны негиздейт. Бул компаниянын акционерлери: Айбибула Паливанмухаймайти, Айбибула Йамаймайти, Айбибула Нуермаймайти. Ушул уйгур улутундагы адамдар “АКА…” деп башталган компанияларга ээлик кылат. “Азаттыктын” Кыргызстандан чыгарылган миллиондор тууралуу иликтөөсүндө өлкөдөн чыгарылып кеткен миллиондор ушул адамдар ээлик кылган “АКА …” деп башталган компанияларга которулганы айтылат. Айбибула Паливанмухаймайти АКА London Limited деген компаниянын акционери жана директору болуп саналат. Айбибула Нуермаймайти дагы компаниянын акцтонери болуп эсептелет.

Хабибула жана Palwan Limited компаниясынын эки акцтонерине таандык болгон Дубайдагы АКА International DMCC компаниясынын туундусу, Кыргызстанда АКА Invest болуп катталган компания Сапар Исаковдун өкмөтү жарыялаган “Акылдуу шаар” долбооруна катышуучу болуп киргенде, кыргыз коомчулугу шектүү табышмактуу компания тууралуу иликтөө жүргүзүп, дүрбөлөңгө түшкөн. “Акылдуу шаар” долбоору 60 млн долларга бааланып, аны ишке ашыруучу болгон Huawei Technologies компаниясы 51 млн долларды инвестиция катары жумшаса, 9 млн долларды АКА Invest көтөрмөк болбоду беле. Кыргыз журналисттери бул компания тууралуу иликтөө жүргүзгөндө, АКА Invest Дубайдагы АКА International DMCC компаниясынын туундусу экенин мойнуна алып, кожоюндары Абдукадыр Хабибула, Айбибула Нуермаймайти, Айбибула Паливанмухаймайти экенин билдиришкен. Эдил Байсаловдун иликтөөсүндө АКА минералз компаниясы 2015-жылы Терек-Сайдагы сурьма кенин иштетүү үчүн жарыяланган конкурска катышканы, бирок алар утулуп, жеңүүчү делип Алмазбек Атамбаевдин уйгур өнөктөшү Субихи Пархати ээлик кылган “Хуасинь” компаниясы табылганы айтылат. “Хуасинь” компаниясынын атынан лицензияга төлөнчү взносторду, салыктарды АКА минералз компаниясынын өкүлү болгон Токтосун Туманбаев төлөп турганын ачыктаган. Ошондо эле Атамбаев уйгурлар ээлик кылган “АКА…” компаниялары жана 26 жаштагы уйгур өнөктөшү Пархати аркылуу көптөгөн жашыруун каржы иштерин жасап жүргөнбү? – деген суроо коюлган. Алмазбек Атамбаев жана Райым Матраимовдорду табышмактуу уйгур ишкерлер менен кандай кызыкчылык бириктирип турат? “Азаттык” иликтеген 700 млн доллардын изи Ташкентте ишке ашып жаткан ири долбоорго жумшалып жаткан жокпу?

Табышмактуу дал келүүлөр

Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 5-6-октябрь күндөрү Ташкентке расмий иш сапар менен барган. 1,3 миллиард долларлык “Ташкент-Сити” долбоорун ишке ашыруу үчүн уйгурлар ээлик кылган компания дагы 2017-жылы октябрда келишим түзгөнгө жетишип жатат. Мирзиёев өзү 2017-жылдын октябрында “Ташкент-Сити” – бул биз эл аралык коомчулукка өзүбүз тууралуу билдирүү жасоо үчүн колдоно турчу долбоор” деп айтып жатпайбы. “Азаттыктын” иликтөөсү боюнча дагы 2011-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстандан 700 млн доллар сыртка которулуп кеткен. Атамбаевдин 2017-жылы октябрдагы расмий иш сапары, уйгурлардын 2017-жылга чейин 700 млн долларды чыгарып кетүүсү, ошол көмүскө каржы схемасын ишке ашырган деп таанылып жаткан уйгурлар “Ташкент-Сити” долбооруна катышып, Орто Азиядагы эң бийик “эгиз мунара” курууну 2017-жылы октябрда утуп алып, келишим түзүүсү жөн гана дал келүүбү? Ушундай дал келүү болот деп ишенсе болобу? Атамбаевдик бийлик доор сүрүп жаткан мезгилде Кыргызстандан жүз миллиондогон доллар которулган уйгурлар Ташкенттеги Борбордук Азияда жок долбоорго кыргыз элине таандык болгон каражатты инвестиция катары салып жаткан жокпу? Атамбаев (Байсаловдун иликтөөсүндө) же (“Азаттыктын” иликтөөсүндө) жармаштырылган уйгурларга таандык «АКА…» фирмалары аркылуу миллиондорду өлкөдөн чыгарып, кайра Өзбекстанга инвестор катары кирбеди бекен?

Кыргыз бийлиги 700 млн доллар боюнча ар түрдүү версияларды айтуу менен ганан чектелди. УКМК, Каржы полициясы да элди ишендирген так маалымат айта албай келет. Биздикилер акча кимге таандык болгонун иликтегиче, уйгурлар же алардын артында турган караңгы көпөстөр Ташкент шаарынын ичине шаар куруп жатат.

Н.Камбаралиев

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *