Кыргыз хоккейчилери дүйнө чемпионатынын төртүнчү дивизионунда ойнойт

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын төртүнчү дивизионунда ойнойт. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти, Кыргыз Респубикасынын Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов билдирди.

Оморкановдун маалыматы боюнча, ушул жылдын апрель айында Бириккен Араб Эмирликтеринде өткөн хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын 3-дивизионуна тандоо оюндарынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын арызын караган Эл аралык хоккей федерациясынын комиссиясы ушундай чечим чыгарган. – Бириккен Араб Эмирликтеринде өткөн хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын 3-дивизионуна тандоо оюндарында жалданма оюнчулардын айынан Кыргызстандын жеңиштери жокко чыгарылып, чыр чыккан. Бул маселе элдешүү жолу менен аяктады. Бирок ошол оюндардын жыйынтыгы кайтарылып берилген жок. Эл аралык Хоккей федерациясынын жыйынында ошондогу жетишкендигибиз үчүн, туура эмес чечими кабыл алынганы үчүн биздин команда дүйнөлүк чемпионатка киргизилип, төртүнчү дивизиондо ойноосуна уруксат берилди. Ал мелдеш 2020-жылы 2-марттан 8-мартка чейин Бишкек шаарында өтмөй болду.

Кыргызстандык хоккейчилер Кувейт, Малайзия жана Филиппин өлкөлөрүнүн командасы менен беттешет, – деп билдирди Анвар Оморканов.

Ал маселенин чоо-жайы мындай болгон эле. Дүйнө чемпионатынын 3-дивизионуна тандоо оюндарында Кыргызстан курама тобу Кувейт, Таиланд, Босния жана Герцеговина, Бириккен Араб Эмирликтери жана Гонконгдун командалары менен ойноп, аларды жеңип алган.

Бириккен Араб Эмирликтеринын командасы менен болгон акыркы беттешке чыгар алдында калыстар Кыргызстандын курамасында ойноп келген Александр Титовду Орусия жарандыгы бар деген негизде оюндан четтеткен. Хоккей адисттеринин айтымында Кыргызстандын тандалма командасынын катарында Александр Титовдон башка дагы бир нече жалданма оюнчулар болгон.

Титовсуз ойногон кыргыз хоккейчилери Бириккен Араб Эмирликтерин 7:1 эсебинде жеңгенден кийин Кыргызстандын бардык  оюндары н Эл аралык Хоккей федерациясы  жокко чыгарып , 3-дивизионго жолдомо берилбей калган. Мындай орусиялык жана казакстандык жалданма оюнчулардын айынан Кыргызстандын жеңиштери жокко чыгып, кыргыз жигиттеринин маанайлары түшүп жүрөт. Төмөнкү сүрөттө эле Кыргызстандын тандалма командасынын хоккей талаасына чыккан 5 оюнчусунун төртөө жалданма оюнчулары экени байкалып турат. Ошондуктан жалданма хоккейчилердин айынан Кыргыз хоккейи өнүкпөй, кыргыз жигиттеринин чеберчилиги аксап турат дешет спорт адисттери. Ошондой эл Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар (18 жашка чейинки) тандалма командасына 2020-жылы Люксембургда өтө турган дүйнө чемпионатына катышууга жана Кыргыз Республикасынын улуттук тандалма командасына 2022-жылы Бээжин шаарынд өтө турган кышкы олимпиада оюндарынын мыктыларды тандап алуу оюндарына катышууга да уруксат берилген.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *