Кыргыз-казак чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-казак чек арадагы өткөрмө пункт убактылуу жабылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 30-ноябрда билдирди.

Алардын маалыматына караганда, эртең, 1-декабрдан баштап «Каркыра» (Кыргызстан) – «Кеген» (Казакстан) көзөмөл-өткөрмө пункту жабылат. Аба ырайына байланыштуу өткөрмө пункттарды  убактылуу жаап туруу демилгеси казак тараптан болгон, кыргыз тарап колдогон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *