“Кыргыз Көмүрдүн” директорун кимдер сабады?

“Кыргыз Көмүр” мамишканасынын директору Канатбек Ашырбаев 31-октябрь күнү түн жарымда белгисиз адамдар тарабынан каттуу сабалды. Бул тууралуу аталган мамлекеттик ишкананын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

Анын айтымында, Ашырбаевди “Туңгуч” кичирайонундагы машыгуу залынан чыгып бара жатканда белгисиз бет капчан эки адам сабап кетишкен. Маалыматка ылайык, Ашырбаев медкароодон өткөн жана абалы “канааттандыраарлык” деп бааланган. Ал 1-ноябрда жумушка чыккан.

“Ага шов коюшту. Бүгүн абалы туруктуу. “Кыргыз Көмүрдүн” жумушу директордун сабалышына байланыштуу токтоп калган жок”,- деп белгилешти басма сөз кызматтан.

Учурда кол салуу фактысын Октябрь РИИБнин кызматкерлери иликтеп жатат.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Канатбек Ашырбаев “Кара-Кече” көмүр кенине тараза орнотушу анын сабалышынын себеби болушу мүмкүн. Демек, бул көмүр кенин криминал көзөмөлдөй тургандыгы чын жана алар кенден чыгып жаткан ар бир тонна көмүрдүн эсеби алынып, мамлекетке салык түшүп турушун каалашпайт.

Мындай абал бир гана “Кара-Кечеде” эмес, өлкөбүздүн баардык көмүр кендеринде орун алган. Башкача айтканда, сот, прокурор, аким, өкүм, мэрлерден тартып, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнө чейин ар биринин казылган көмүрдөн ала турган “долясы” бар. Айрыкча 1 тоннасы 7-8 миң сомго чыгып кеткен Сүлүктү шаарынын көмүр шахталарында да ушундай “рекеттер” келемиштей эле жортуп кетишкен. Айтор мамлекет башчыбыз өзү бул жагдайга кийлигишпесе, көмүрдүн баасы күн сууган сайын кымбаттап, мамлекет да миллиондогон сом каражаттан куру жалак калууда.

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *