Воронцовкадагы ооруканадан коронавирус менен ооруган акыркы бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды

Таш-Дөбө айылындагы Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институтунунда коронавирус менен ооруган акыркы бейтап сакайып, үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу КР Саламатттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, коронавирус пандемиясы учурунда министрликке эки медициналык мекеме – Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институту жана Улуттук онкология жана гематология борбору бекитилген.

Ушул жылдын 8-июлунан баштап аталган мекемелерге коронавирус инфекциясы менен 1116 адам кабыл алынган. Алардын 1079у айыгып, 37си көз жумган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *