Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө бекетинин иши калыбына келтирилди
Расмий кабарлар Саясат

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” көзөмөл-өткөрмө бекетинин иши калыбына келтирилди

Бүгүн, 14-апрелде Кытай Эл Республикасы менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы  “Эркечтам” көзөмөл-өткөрмө бекетин эки өлкөнүн жүктөрүн ташуулар үчүн калыбына келтирүү макулдашуусуна жетишилди. Бул тууралу КР Тышкы иштер министрлигинин расмий сайты жазып чыкты.

Ал эми “Торугарт” көзөмөл-өткөрмө бекетинин иштеши эки тараптан аймактагы эпидемиологиялык абалдын мындан аркы абалына жараша каралат. Ошол эле учурда эки өлкөнүн жарандарынын чек араларды кесип өтүүсүнө коюлган чектөөлөр сакталып кала берет.

 

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япония Кыргызстанга акысыз түрдө коронавирусту табуу боюнча 2000 тест берди