Кыргыз-кытай чек арасындагы “Иркештам” өткөрүү пункту 4 күнгө жабылат

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Иркештам” өткөрүү пункту 25-июндан 28-июнга чейин жабылат. Бул туралуу бүгүн, 23-июнда Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү маалымдады.

Такталгандай, Кытай Эл Республикасы “Ажыдаарлар кемеси” майрамын (күрүч фестивалын) белгилей турганына байланыштуу, чек араны убактылуу жабуу сунушун киргизген.

“Иркештам” өткөрүү пункту аркылуу жүк ташуу 29-июнда жанданат. 

Белгилей кетсек, “Иркештам” өткөрүү пункту ушул жылдын 15-апрелинде Кытайдан Кыргызстанга товарлардын өтүшүн гана камсыз кылган атайын алгоритмге ылайык ишин уланткан.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *