Кыргыз кыздары Кытайдын эмес, Орусиянын жарандарына көбүрөөк турмушка чыгышат

Кыргыз кыздары Кытайдын жарандарына салыштырмалуу Орусиянын жарандарына көбүрөөк турмушка чыгышат. Бул тууралуу өкмөттүн бүгүнкү отурумунда айтылды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, 2010-2018-жылдары  Кыргызстандын 60 жараны гана Кытайдын жарандары менен мыйзамдуу никеге турушкан, алардын ичинен 45 – этникалык кыргыздар.

Баардыгы былтыркы жылы кыргызстандыктар менен чет элдик жарандардын ортосунда 1 миң 762 мыйзамдык нике катталган.

Алардын ичинен Орусиянын жарандары мнен курулган үй-бүлөлөр 582, Өзбекстандын жарандары менен 409, Тажикстандын жарандары менен 192, Кытайдын жарандары менен 18 үй-бүлө курулган. Андан сырткары башка өлкөлөрдүн жарандары менен мыйзамдуу никеге тургандар 480 адамды түзгөн.

«Кыргызстандын жарандары менен никеге турган кытайлыктардын көпчүлүгү- этникалык кыргыздар. Орусиянын жарандарына тиешелүү дагы ошондой болуш керек деп ойлойм. Белгилүү болгондой, биздин көптөгөн мигранттарыбыз Россия Федерациясынын жарандыгын алышкан, алар бул жерге үйлөнүү максатында келишет»,-деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Булак:KyrgyzToday   

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *