Кыргыз милициясынан чыккан жөө күлүк генерал

Жакынкы күнү Ысык-Көл облусунда өткөн Эл аралык марафонго милициянын отставкадагы генерал-майору Кемелбек Киязов дагы катышты. Бул тууралу КР ИИМинин басма сөз кызматы билдирет.

Генерал 2017-жылы өзүнүн  курагындагылар категориясында 10 километр аралыкты, 2018-жылы 21 килиметр аралыкты чуркап өтүп жеңишке жеткен. Ушул жылы 42 километр 192 метр толук марафондук аралыкта жарышка катыша алды. Ал аралыкты толук чуркап өтүп, өзүнүн курагындагылар арасында биринчиликти багындырды. Генерал-майор өзү эсептегендей, жарыштын профессионалы болбогону менен чуркоону сүйүүчүлөр арасында жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келет.

Узун  аралыкты жеңген адам кыргыз милициясынын өкүлү экендиги жана ушундай наамдагы, ардактуу курактагы адам экендигин билгендер таң калышкан. “Бул чуркоом менен мен милициянын авторитетин көтөргүм келди”,-деп билдирди ал.

Кемелбек Абдыкадырович келечекте башка өлкөлөрдө өткөн марафондук жарыштарга катышууну пландап жатат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *