Кыргыз өкмөтү “Коопсуз шаар” долбоорунан 230 млн. сом “утту”

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеӊештин жыйынында Өкмөттүн “Коопсуз шаар” долбоору боюнча талкуу жүрүп, ага вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баш болгон өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдардын, мекемелердин жетекчилери катышып, маалымат беришүүдө.

Кубатбек Бороновдун айтымында, жол коопсуздугун көзөмөлдөө, жол кырсыгын азайтуу багытындагы “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга 2 млрд 550 млн сом каралган. “Сынактын жыйынтыгында россиялык “Вега” компаниясы жеӊип чыгып, ал долбоорду аткаруууга 2 млрд 320 млн сом каражат жумшамак болду же алдынала болжолдогондон 230 млн сомго арзан түштү. “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылдын жаз мезгилинен тарта ишке ашырыла баштайт.”, – деди Кубатбек Боронов.

Долбоордун алкагында Бишкек шаарынын жол кырсыгы көп катталган 38 көчөнүн 90 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотулат. Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт, Ош-Эркечтам сындуу ири жол каттамдарынын 48 жерине да атайын жабдуулар коюлат. Андан тышкары, 20 мобилдүү көчмө комплекстер иштей баштамакчы. Мындай чаралар жол кырсыктарын кыйла азайтууга өбөлгө түзөт.

Ошондой эле, келерки жылы “Коопсуз шаар” долбоорунун 2-этабынын техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, өлкө аймагында жана чакан шаарлардын 248 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотула турганы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, “Коопсуз шаар” долбоору 7 жылдан бери ишке ашырылбай келет. Өткөн жылы өлкө аймагында 4469 жол кырсыгы катталып, 612 адам, анын ичинде 77 өспүрүм каза болгон.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *