“Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы кимге берилиши керек?

Бүгүн, 22-ноябрь күнү парламенттин отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын  Иса Ахунбаев менен Насирдин Исановго ыйгарууну сунуштады.

А.Жапаров: “Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын Султан Ибраимовго ыйгарууну айткан. Мен азыр президенттин өкүлүнө кайрылгым келип турат. “КРнын Баатыры” наамын дагы 2 адамга ыйгарса болот. Алардын бири – Кыргызстандын биринчи премьер-министри Насирдин Исанов. Эгерде анын көзү тирүү болгондо, Кумтөрдүн айланасындагы маселелер болмок эмес. Экинчиси – Илимдер академиясынын биринчи президенти – Иса Ахунбаев. Азыркы убакта жүрөк-кан тамырлар  ооруларынан көз жумгандар басымдуулук кылууда,  эгерде И.Ахунбаевдин бизге калтырган билими жана мектеби жок болгондо, бул дарттан жабыр тарткандардын саны  бир топ көбөймөк”,-деп билдирди.

Мындан сырткары, А.Жапаров Ысык-Көл облусуна И.Ахунбаев атындагы хиругиялык борборду  куруу сунушун киргизип:“Азыр И.Ахунбаевдин окуучулары Казакстанда, Россия жана Израилде эмгектенип жүрүшөт. Эгерде, Кыргызстанда шарт түзүлгөн болсо, алар мекенибизге келип бир нече жыл эл үчүн акысыз иштеп берүүгө даяр”, – деп кошумчалады.

Булак: KyrgyzToday

 

 

 

1 ой-пикир

  • Абдывахап Мониев says:

    Акылбек агам туура айтат, Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наамды жогорудагылардан тышкары дагы көп адамга берүү керек. Мисалы, бул иште мени кеңешчи кылышса, Енисай кыргыздарынын тарыхынан бери казып отуруп, 1000дей адамдын тизмесин түзүп бермекмин. Ал эми тирүүлөргө келсек, Акылбек Жапаровдун өзүн баш кылып, азыркы ЖК депутаттарынын, министрлеринин баарына аянбай эле баатыр наамын дүңүнөн бере берүү керек. Кыргызстандан миң Баатыр чыгарып алсак, мамлекет өнүкпөгөндө кантмек! Кыргыз Республикасынын Миң Баатыры менен керек болсо кылым Кытайды деле чаап алабыз да, чиркин…

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *