Алмаз Атамбаевдин билдирүүсү: “Журналисттердин жана саясатчылардын бир ууч тобу басма сөз эркиндигине жамынып алышып, бүткүл эл шайлаган эгемендүү Кыргызстандын Президентин ашкере ушактоого жана ага көө жабууга өтүштү”

11-март күнү Алмаз Атамбаев учурда болуп жаткан кырдаалга карата Президенттик билдирүүсүн жасады. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады. Төмөндө билдирүүнүн текстин толук бойдон келтиребиз.

Кийинки кезде Кыргыз Республикасында эркин сөрөй журналисттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана саясатчылардын бир ууч тобу басма сөз эркиндигине жамынып алышып, иш жүзүндө өздөрүнө жакпаган адамдарды, биринчи кезекте, бүткүл эл шайлаган эгемендүү Кыргызстандын Президентин ашкере ушактоого жана ага көө жабууга өтүштү.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында, а түгүл социалдык тармактарда да бул кампания акыркы бир нече жылдардан бери максаттуу жүрүп жатат жана өткөн жылдын жай мезгилинен тартып өзгөчө күч алды. Бул жалганчылыктын, ушакчылыктын жана бет тырмалыктын кампаниясы.   Элибиз ыйык көргөн сөз эркиндиги принциптерин бетсиздик жана ушакчылык менен чаташтырган уятсыздардын жана ыймансыздардын иши.

Журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эң башкы милдети жана укугу – бул адамдарга жалган маалыматтарды жана ушактарды эмес, калыс маалыматтарды, чындыкты жеткирүү экенин эске салгым келет.

Кыргызстандын жарандары бул эркин сөрөй журналисттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана саясатчылардын чыныгы көздөгөн максаты чындык эмес, жалган жалаа жана ушактоо менен бүткүл эл тарабынан шайланган Мамлекет башчысынын жана бүт өлкөнүн дүйнөлүк коомчулуктагы беделин түшүрүү, өлкөнүн жаңы Президентин шайлоо алдында Кыргызстандагы кырдаалды курчутуу экенин билиши керек. Кийинки жылдары Кыргызстандын бутуна туруп бара жатканын түшүнүп, бул адамдар митаам жана булганыч оюн башташып, жалганчылыкты жана ушакчылыкты өздөрүнүн куралы кылып алышты. Тийиштүү мамлекеттик органдар бул өздөрүн калп эле эркиндик үчүн күрөшүүчү кылып көрсөтүп жатышкандарга мыйзам бүткүл эл шайлаган Президент үчүн эле эмес, бардык жарандар үчүн бирдей экенин эскерте турган мезгил келди.

Азыр өлкөбүзгө жана Кыргызстан элине тынчтык жана туруктуулук, биримдик жана бекем баш кошкондук керек. Көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу жетишилген жарандардын укуктары жана эркиндиктери менен бир ууч жалганчылар жана ушакчылар чайкоочулук кылышына жол бербейбиз.

Кыргыз Республикасынын Президенти                                        А.Ш.Атамбаев

2 comments

  • Бектур says:

    Негизинен туура билдирүү. Чындыгында журналисттер өтө аша чаап кетти, кеминде адамдын аброюна шек келтиришет. Мамлекеттик кызматкерлерди – итке теңешет, битке теңешет. Мен колдойм билдирүүнү!

  • Райымбек Усупжанов "ЖАҢЫЛЫКТАР КМ" гезити says:

    Бул билдирүү жаш баланын таарынычына окшоп калыптыр. Албетте, беш кол тең эмес дечи. Президенттин билдирүүсүндөгү фактылар турмушта кездешип эле жүрөт. Бирок, мамлекет башчысы болгондон кийин бир- эки журналист үчүн бардыгын эле күнөөлөй бербей, жарык көргөн маалыматтарга туура анализ жүргүзүп көрсө болмок. Журналистти- коомчулуктун санитары-дешет эмеспи. Алар коомдо болуп жаткан оң жана тескери көрүнүштөрдү, ар бир жарандын саясий-экономикалык көз карашын, уккан- көргөнүн, болгонун- болгондой, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка жеткирип турат. Ыраматылык СССР убагында жарыяланган макалаларга өзгөчө көңүл бөлүшчү.Чыккан макалаларды ийне жибине чейин изилдеп, андан кийин бир жыйынтык чыгарышчу. Азыркы учурда деле канча чиновниктердин “былык”тары ММКда жарыяланып келе жатат. Бирок, ага мамлекет же, өкмөт тарабынан эч кандай чара колдонулбай келүүдө. Эгерде, учурунда жарыяланган материалдарга мамлекет же, өкмөт тарабынан тийиштүү чаралар көрүлүп турса, паракорлор менен коррупционерлер аз болмок. А балким, болмок эмес. Буга, кийинки кездеги Жеңиш Разаков. Райымбек Матраимов жана башка чиновниктер, депутаттар жөнүндөгү маалыматтар ММКларда жарыяланып бирок, мамлекет менен өкмөт тарабынан эч кандай реакция болбогону күбө. “Калк айтса, калп айтпайт” же, “шамал болбосо, чөптүн башы ыргалбайт”-деп кыргыздар жөн жеринен айткан эмес чыгар? Жарыяланган макалаларга “Кербен жүрө берет, ит үрө берет”-дегендей мамиле жасабай, өз учурунда ак-карасы изилденип, тийиштүү чаралар көрүлүп турса, президент айткан “бир ууч” саясатчыларга ушак таратууга негиз жок болот эле. Ошондой эле паракорлор менен чиновниктер да тартынып калышмак.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *