Кыргыз саясатчылары ФБда фейктер менен олтурушат

Социалдык түйүндөрдө кыргыз саясатчыларынын бир тобу фейк аккаунттар менен олтурганы ачыкка чыга баштады. Алардын фейк менен олтурганы тиешелүү талаптар менен журналисттер тарабынан иликтенип чыккан. Тизме: КСДПнын локулдаган депутаты Искендер Матраимов -Искендер Бейшенбеков. Кызыгы бул депутат ФБда өзүн 28 жаштагы жигит катары көрсөткөн. Ал эми Эльвира Сурабалдиеванын – Тимур Алмамбетов деген фейк аккунты бар. Ага жазылган телефон номерлер депутатка тиешелүү экени белгилүү болгон. РАЖдын лидери Жыргалбек Турускуловдун фейки – Артур Иминов , депутат Алмазбек Акматовдун фейки Азик Акматов , Нурбек Алимбековдун фейки Нурбек Асанов, депутат Жунус Адыл уулунун фейки -Семетей Жунусов, генерал Курсан Асановдун фейки – Санжарбек Моминов экен. Бул телефондору аркылуу аныкталгандары эле. Аныктала электери да толтура. Бул саясатчылар ФБда көп учурда сулуу кыздардын сүрөтүнө суктанып, аларга улам-улам “класс” басып, өздөрүнүн ЖМКларга чыккан маек, макалаларын бөлүшүп коюп олтурушат.

Булак: «Багыт»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *