Кыргыз снукерчилери Украинадагы эл аралык мелдешке катышууда

Украинада өтүп жаткан снукер боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык спортчулар тайпалык беттештерди ийгиликтүү өттү. Айрыкча, Калысхан Сагыналиев украиналык Андрей Бачинскийди жана Максим Куницаны 2:0, 2:0 эсебинде утуп, ал эми молдавиялык Владислав Градинарини 2:1 эсебинде утуп, өз тайпасында биринчи орунду ээледи. Эми, 28-августта плей-офф баскычында беттешке чыгат.
Ошол эле күнү, себилген оюнчубуз Мухамед Каримберди уулу 8/1 финалда беттешке чыгат.
Үчүнчү спортчу Шаирбек Маматокторов да алгачкы эки беттешти 2:0, 2:0 эсебинде утуп, плей-офф баскычына чыга алды. Болгону, эртең таңкы саат 9.30 да украиналык Олег Васьковский менен тайпадагы биринчи орун үчүн беттешет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *