Кыргыз спортчусу Балбай Дордоков Дүйнө чемпионатында коло медал тагынды

Румыниянын Бухарест шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны Балбай Дордоков коло байгени багындырды.

55 килограмм салмактык бөлүктө беттешке чыккан кыргыз спортчусу коло байге үчүн болгон беттеште Армениялык Норяр Хакоян менен кез келип, жыйынтыгында 7:3 эсеби менен жеңишти илип кетти.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *