“Кыргыз темир жолундагы” коррупция: “төө көрдүңбү, жок”, “бээ көрдүңбү, жок”!

Сөз башы

Гезитибиздин өткөн санында: “Дыйкан” базарын “Кыргыз темир жолунун” башчылары жеке “кормушкасына” айлантып алганбы?”- деген аталышта макала жарыяланып, ал окурмандар, эксперттер, коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынууда.

Биз “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасындагы буга чейин утуру сөз болуп, кандайдыр бир себептер менен кийин басаңдай түшчү коррупциялык фактыларды тизмектеп, макалалар сериясын чыгарарыбызды кабарлаган соң, маалыматын бөлүшкүсү келген же өз оюн айткысы келген адамдардан кайрылуулар көбөйдү. Ачык эле бизге: “силер ажыдаардын куйругун басып жатасыңар, буга чейин минтип мунун баарын ачык айткысы келгендердин эбин таап турушчу эле”,- деп эскерткендер деле болду. Бирок, акыр-түбү кеп сүйүктүү Кыргызстаныбызды артка сүйрөгөн көрүнүш тууралуу кеп болуп жаткандан кийин, унчукпай коюуга укугубуз деле жок, айтылуу Азимбек Бекназаров жазгандай.

“Кыргыз темир жолу” аты өзү эле айтып тургандай, бул тармактагы Кыргызстандагы жападан-жалгыз мамишкана. Жүргүнчүлөр менен катар, темир жол аркылуу бардык жүк ташууларды ишке ашырат. Анын башында турган адамдар кийин сөзсүз чоң кызматтарга секирик жасашат же кекиртектин айынан темир торго түшөт. Мисалы, учурунда темир жолду башкарган Иса Өмүркулов – азыр КСДП фракция лидери, Нариман Түлеев буерден кеткенден кийин Бишкектин мэри, ЖК депутаты болгон, бирок коррупциялык иштери үчүн камакка алынып, сотто айыбы далилденген, чыга элек. Аргынбек Малабаев Балыкчы-Корумду коррупциялык тендери аркылуу таанылган, ал да өз кезегинде “Кыргыз темир жолун” башкарып, андан Транспорт министри болуп чоңойгон. Буларга чейин деле темир жолду Советтер союзу кулаган учурда башкаруу бактысы туш келген жетекчилер болгон, ошол кезде канчалаган вагон, рельсалар металлолом катары Кытайга кеткени жашыруун болбосо керек.

Ири акча каражаттары айланган соң, темир жолдун тегерегинде ар дайым чыр болуп келген. Жада калса, мисалы, Түлеев ага каршы чыккандардын демин басып туруу үчүн бандит-спортчу балдарды тегереги топтоп бакканы айтылып жүрөт. Мунун чындыгын биз Түлеев 2005-жылы Акаевди коргоп Ак үйдүн жанына “ак кепкачандарды” чыгарганынан улам тастыктаганбыз.

“Кыргыз темир жолуна” тийешелүү эң чоң коррупциялык чатак Аргынбек Малабаевди Транспорт министрлигинен кетирип жатышканда калкып чыкты. Көрсө, булар бюджеттик каражаттарды оңду-солду чачканды адат кылып алышкан тура. “Кыргыз темир жолунда” ошол кезде кимдер башында болсо, А.Малабаевден башкасынын баары азыр да кызматта. Алар: “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Алмазбек Ногойбаев, баш директордун орун басары Руслан Бектемиров, баш директордун орун басары – аппарат жетекчи Кубан Асанбеков ж.б. Болгону иерархия боюнча кызматтары Малабаев баш деректир болгондуктан бир эле тепкичке төмөн болгон.

Ошентип, “Кыргыз темир жолунда” биз билбеген дагы кандай балакеттер бар? Аны чечмелеп, ачып берүүгө аракет жасадык. Журналисттик иликтөө назарыңыздарда…

Эмнеге поездге билет баасы самолеттукунан кымбат?

Өзүбүздүн аргументтер, фактыларды коомчулуктун назарына коёрдон мурун, биз бир топ суроолор менен “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Алмазбек Ногойбаевге кайрылып, жооп алдык. Маалымат иретинде ага назар таштаңыздар:

– Азыр ызы-чуу жаратып жаткан “Дыйкан” базарын жабуу боюнча Бишкек мэриясынын демилгесине карата расмий түрдө өз позицияңыздарды билдирдиңиздер. Бул базар аркылуу соода жасап, үй-бүлөлөрүн багып жаткан соодагерлер да буга тикеден-тик туруп каршы болушууда. Бирок, базардын жабылышына карата аргумент катары мэрия антисанитариялык абалды, ынгайсыз жерде жайгашып калгандыгы, элементардуу шарттардын жоктугун бетке кармоодо. Биздин кабарчылар да барып көргөндө, бул аргументтер туура экенине ынанды. Эмне үчүн базар иштей баштаганына көп убакыт болсо да анын ээси катары ушундай нукта тартип орнотууга аракет жасалган жок? Же, коомчулук ичиндеги: “акча таап, чөнтөктү кампайтканды гана билишет,  а базардын өнүгүсүү булардын кызыктырбайт”,- деген сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар? “Дыйкан” базар “Кыргыз темир жолу” жетекчилигиндеги адамдардын жеке байуу булагы гана катары кызмат кылып калганы туура сөзбү же?…

– “Дыйкан” базары учурда мурдакыдай калыпта иштеп жатат. Экотехинспекция тарабынан берилген эскертүүлөр толугу менен четтетилген. Күн сайын таштандылар чыгарылып, иреетке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле бул багытта тиешелүү органдар менен биргеликте иш-чаралар алып барылууда. Ал эми “Кыргыз темир жолунун” жетекчилигинин базар менен эч кандай мамилеси жок. Жетекчилик базар менен түзүлгөн макулдашууга ылайык ижара акысын төлөп туруусун гана талап кылат жана мыйзамдын негизинде гана иш алып барат.

– Эл ичинде “Кыргыз темир жолу” укмуштуудай коррупциялык схемалардын булагы катары пикир калыптанып калган. Буга биресе кез-кези менен жарыяланып жаткан жеп-ичүүлөр боюнча билдирүүлөр да себеп болууда. Ишканага учурундагыдай мыкты кадыр-баркты алып келүү, ошонун катарында коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу же биротоло жок кылуу жаатында жетекчилик ушул күнгө чейин кандай жумуштарды аткарды?

– Темир жолдогу коррупциялык схема туурасындагы пикир бул туура эмес пикир. Ишкананын ишмердүүлүгү жыл сайын эки ирет КРнын Эсептөө палатасы тарабынан дыкат текшерилип турат. Мындан тышкары салык кызматтары ошондой эле экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы зарылчылыкка жараша такай көзөмөлгө алып турат. Каржы башкармалыгы бардык каржы документтерине жоопкерчилик менен мамиле жасайт жана ачык-айкын иш жүргүзөт. Буга чейин коррупциялык аракеттер боюнча түшкөн арыздардын негизинде болгон текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен эч кандай мыйзам бузуу фактылары аныкталган эмес.

– “Локомотив” спорткомплексине байланыштуу териштирүүлөр боюнча дагы эле толук бойдон чекит коюлбай келе жатат. Анын мурдагы директору У.Нусувалиев “Кыргыз темир жолунун” жетекчилигин спорткомплексти атайылап банкроттукка учуратуу, бюджет каражаттарын аны шылтоолоп уурдоого айыптап жатат. Буга байланыштуу биринчи суроо – аны жаңылоо, муз аянтчасын, мини-футболдук ареналарды куруу чечимин ким кабыл алган? Жалпы-жонунун “Локомотивге” канча каражат чапталды? Ошол кездеги “КТЖ” мамишканасынын башкы директорунун орун басары катары, Сиз, Алмазбек Бердибекович, кетирилип жаткан мүчүлүштүктөр боюнча кабардар болгонсузбу? Болсоңуз кандай чара көргөнсүз?

– “Локомотив” спорт комплекси боюнча У.Нусувалиевдин айткандары бир дагы факты менен далилденген жок. Учурда спорт комплекси банкротко учурабай эле өз ишин улантып жатат. Болгону кадрларды оптималдаштыруу, ашыкча чыгымдарды кыскартуу чаралары көрүлдү. Ал эми муз аянтчасында учурда ремонт иштери жүргүзүлүүдө. Калган секциялар мурдакыдай эле өз ишмердүүлүгүн улантып жатат.

– Негизи эле, спорткомплексти куруп жаткан учурда атайылап ар кандай жолдор менен анын курулуш баасын кымбаттатуу жүргөнү сөз болгон. Баш-аягы дээрлик 305 миллион сом кетиптир. Баасы 4 миллион сомдук эки мини-футбол талаасы курулган (а мындай аянтчаны курганга ашып кетсе 2 миллион сом кетерин эксперттер эсептеп чыгышкан). Теннис кортуна дээрлик 4 миллион, дарбазага 127 миң сом (ал дарбаза жок, бирок документтерде жазылып жүргөнү айтылган), унаа токтотуучу жайга 2 миллион сомдон ашык, айтор өтө көп суммалар айтылат. Элде мунун баарын уккандан кийин “булар эптеп мамлекеттин акчасын жеш үчүн ушунун баарын башаган турбайбы”- деген кеп кетти да. Ачык айтканда, мындай ири суммадагы каражат сарптап, спорткомплекс куруунун кандай зарылчылыгы бар эле?

– Каржы маселеси боюнча бардык документтерибиз бар. Ошол жерде канча каражат кайсыл жакка сарпталгандыгы так, даана көрсөтүлгөн. Бул жерде ашыкча каражат сарпталды деген сөз бул куру сөз болуп жатпайбы. Бул боюнча бизде бардык тийиштүү документтер бар. Ал эми спорткомплексти куруунун эң башкы максаты: темир жолчулардын ден-соолугун бекемдөө жана шаардыктар үчүн сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу.

– Кайсы бир маегинде, мурунку башкы директоруңуздар Аргынбек Малабаев эч бир жерде бул чырга байланыштуу документтерге кол койбогонун билдирген болчу. Бул маселе – жаңы спорткомплекстин көп жерлерине сынган, бузулган, жараксыз болуп калган шылтоолор менен кайра акча бөлүп, өздөштүрө башташкандан улам келип чыкты да. Кечээ эле курулуп, “буюрса жүз жыл эч ремонтсуз кызмат кылат”- деген жердин ремонтуна кайра миллиондорду чаптоо жагын – анык коррупция атап, Жогорку Кеңештин депутаттары биздин гезитке да маек беришти. Бул жерде абсолюттук чындык каерде, же биз билбеген маалыматтык чабуул, тымызын итригалар барбы? “Локомотивдин” – “мени чындыкты айтканым үчүн кетиришти”- деген экс-директору “финансылык коррупциялык документтерге Малабаевдин орун басары кол койгонун” айтат. Ошондо кайсы орун басар тууралуу сөз болуп жатат?

– У.Нусувалиевдин: “мени чындыкты айтканым үчүн кетиришти” деген сөзү чындыкка дал келбейт. Аны эч ким кетирген жок. Жогоруда айтылгандай темир жолдо оптималдаштыруу иштери жүрдү. Анын алкагында спорткомплексте да бир катар өзгөрүүлөр болду. Аны көзөмөлдөп иштетүү жагы темир жолдун иш башкармалыгына берилип, жетекчиси жана башка адамдардын жумуш орду кыскарды. Натыйжада ашыкча каражаттар үнөмдөлүп, ошол эле ден-соолукту бекемдөө иштерине сарпталып жатат. Бир эле У.Нусувалиев эмес андан башка бир топ адамдардын жумуш орду кыскарган.

– “Локомотивдеги” муз аянтчасынын тагдыры эмне болду? Жылына 7 миллион сом пайда алып келген объектини жаап жатканыңыздар айтылган. Кирешелүү жерди жок кылуу менен эмне пайда табасыздар?

– Бул туура эмес маалымат. “Локомотив” спорт комплекси жабылган жок. Келип көргүлө. Мурдакыдай эле иштеп жатат. Болгону муз аянтчасында ремонт иштери белгиленген. Биз аны кайра өнүктүрүү аракетиндебиз. Бул боюнча тиешелүү башкармалыктар иштеп жатат.

– Эми ички чарбалык маселелерге келсек. Бир учурда ишкерлер өз товарларын темир жолдо жүк ташууга баа кымбат болгондуктан, транспорттун башка түрүнө өтүшкөнүн айтып чыгышты эле. “КТЖнын” азыркы баа саясаты кандай? Жүргүнчүлөр үчүн билеттердин баасын арзандатуу жагы каралып жатабы, себеби айрым багыттар боюнча самолет баасы менен бирдей да болуп калып жатпайбы? “Кассада билет калган жок”,- деген шылтоо менен Москвага билеттерди кондукторлор кымбат баага сатып, пайда көрүп жүрүшкөнү чынбы?

– Темир жолдо кондукторлор иштебейт. Поезд узатуучулары бар. Бирок, аларга билет сатуу укугу берилген эмес. Билеттер темир жол бекетиндеги кассаларда гана сатылат. Билет баасы самолетке караганда кымбат дегениңиз туура. Шериктештикке кирген мамлекеттер арасында темир жол транспорту боюнча Кеңеш бар. Тариф саясаты ошол Кеңеште каралып чечилет. Кеңешке мүчө мамлекеттер арасындагы темир жолдо жүрүү үчүн билет баалары швейцария франкы менен бааланат. Кыргызстан да ошол Кеңешке мүчө. Ошондуктан билет баалары самолетко караганда кымбат болуп жатат. Бирок, жүргүнчүлөр билетти алдын-ала сатып алышса 30%ке чейин жеңилдиктер берилет. Бул боюнча кассага кайрылышса толук маалыматты айтып беришет жана билет баалары бир кыйла арзан болот.

– “Темир жолдорунун” вагондор паркын жаңылоо багытында кандай иштер жүргүзүлүп жатат?

– Бул багытта 2008-жылы 2 вагон ремонттоочу завод ачканбыз. Ошол жерде жүк ташуучу жана жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондорубуз ремонттолот. Учурда Бишкекте жана Беловодскиде жайгашкан аталган заводдордо өзүбүз ремонттойбуз. Буга чейин чоң суммадагы каражат сарптап коңшу мамлекеттерде жасалчу. Мындан тышкары майда бурагычтардан тартып, ширетүү иштери өзүбүздүн заводдо жасалып жатат.

– Жалпы-жонунан өзүңүз жетектеген ишкананы жаңы бийиктикке көтөрүү багытында алдыда кандай иш-планыңыздар бар?

– Алдыдагы эң башкы максатыбыз: жол чарбасы жана вагон чарбасын модернизациялоо. Бул багытта жыл сайын темир жолго жаңы темир бетон шпалдардын төшөп жатабыз. Быйыл 25 чакырымдан ашык темир жолу капиталдык ремонттон өттү. Жалпысынан 100 чакырымдан ашык темир жолун өзүбүздүн күчүбүз менен жаңыладык. Буйруса, алдыда вагондорду жаңылоо планыбыз бар. Ушул макстаттарды ишке ашыруу багытында тийиштүү иштерди жүргүзөбүз.

ххх

Бул “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын расмий позициясы болду. Анда айтылган нерселерди эске бекем түйүңүз, себеби, макалабыздын уландысында келтирилчү айрым фактылар менен дал келбей калышы мүмкүн.

“Локомотив” – темир жол жетекчилерин семиртип туруучу жайга айланганбы?

Акыркы кезде жаңжал артынан жаңжал жаратып келе жаткан “Кыргыз темир жолу” мамишканасына караштуу “Локомотив” спорт комплексиндеги мыйзам бузуулар канча айтылса да, ага тийешелүү органдардын салкын мамиле жасагандыгы даана байкалат. Болбосо, фактылар өздөрү эле мунун баарын сайрап айтып берип турганына карабастан, ал жакка барып калган текшерүүчүлөр “баары ойдогудай” деген нерсе менен эле чектелип калууда. Кечээ Алмазбек Атамбаев “милицонерлердин арасында “крысалар” көп, аны Кашкар (Жунушалиев, ИИМ башчысы) тазалай албаса, өзүм тазалаймын”,- деп айтпадыбы. Бул сөзүн мамлекет башчы “Кыргыз темир жолуна” караштуу да айтып койсо ашыкча болбойт эле. Себеби, өлкөдө оор финансылык кризис түзүлгөн маалда бул жакта ушу жалгыз “Локомотивге” эле канчалаган миллиондор чапталып кеткен. Биз бул макаланы даярдап жатып, буга чейин “Кыргыз темир жолундагы” коррупция тууралуу кыйкырып жүргөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын бирине кайрылсак, “ой эми ушуну жөн эле койбойлубу, пикирим жок”,- десе болобу. ЖК депутатынын оозун жабууга кудуреттери жетсе, анда чын эле буларды “кой” деген киши жок окшойт. Демек, жалгыз үмүт президент Алмазбек Атамбаевде. Балким, бул иликтөөнү окуп калса, чындап киришип, “крысаларды” таап, ордуна коёр.

“Локомотивдеги” чуу анын директору Улукбек Нусувалиевди кызматтан алышкандан кийин курчуган. Темир жол жетекчилигине ал чындыкты айтып барганы үчүн жакпай калган. 2014-жылы спорткомплекске директор болуп дайындалып, ишти баштаар алдында болгон нерсенин баарын инвентаризациялап алгысы келет. Караса эле жазылып жүргөн мүлктүн көбүнөн дайын жок. Ал аз келгенсип, спорткомплекстин айрым имараттары ижарага берилип турса да, андан түшкөн каражат киреше катары катталып, ишкананын бюджетине түшпөй келгени көзгө урунат. Ошондуктан ал андагы темир жолдун башчысы Аргынбек Малабаевге кызматтык кайрылуу жазып, финансылык-чарбалык ишмердүүлүктү толугу менен текшерип чыгууну сунуштайт. Маселен, ижарага 188 чарчы метр имарат бурчу буфетке берилген. Бирок, ал 58 чарчы метр гана болуп көрсөтүлүптүр. Жада калса ижара жаатында келишим да түзүшкөн эмес. Каражаттар кимдир бирөөнүн сол чөнтөгүнө түшүп турган. Айтор, мындай мыйзам бузуулар кашкайып көрүнүп турса да Малабаев кызматтык катка жооп бербей койгон. Кайра тескерисинче, мунун баарын ачык айткан директорду дароо жаман көрүп, ишине бут тосууга аракет жасашкан.

“Локомотив” спорттук ден-соолукту чыңдоо борбору “КТЖ” мамишканасы тарабынан мамлекеттик акча каражаттарына салынган. Аны “Кыргыз темир жолунун” Иш башкармалыгы көзөмөлдөйт. Б.а. жетекчиликте көңүл болсо, заматта тартип орнойт. Бирок, Малабаев баш болуп башаламандыкка көз жумуп жатса, анын орун басар, жооптуу адамдары кайда бармак эле? Ар кимиси табакты өзүнө карай тартып, ач карышкырдай талап жей баштаганын элестетип көргүлө?

А “Локомотивдин” курулушун “пир во время чумы” деп атасак жарашат. Документтерге үңүлсөк, спорткомплексти курууга 305 миллион 665 миң сом кеткен. Анын ичинен эки мини-футболдук талаанын ар бирине 4 миллион 350 миң сом, жалпы 8,7 миллион сом сарпталган. Дал ушундай сапаттагы мини-футбол стадиондорун болгону 2 миллион сомго куруп жатышпайбы. А булардын атайылап курулушка кеткен каражатты көбөйтүп көрсөтүп жыргаганын байкабай жатасызбы? Же 28 миллион 886 миң сомдук тротуарды айталыбы? Буга сарпталган брусчаткалар алтынданбы же? Көз көрүнөө эле бюджеттик каражаттар шамалга ыргытылып жатпайбы. 28 миллион сомго 200 орундуу эки кабаттуу балдар бакчасын курса болот, салыштыруу иретинде айта турган болсок. Ошондо брусчатканын ар бир квадрат метрине 11 000 сом кетиптир эй! Өтө бай адамдар азыр Бишкекте квадрат метри 1000-1500 сомдук эле брусчаткаларды хансарайларына коюп жатышат. А квадраты 11 мин сомдук брусчатка такыр жок нерсе. КТЖ жетекчилигинин: “Каржы маселеси боюнча бардык документтерибиз бар. Ошол жерде канча каражат кайсыл жакка сарпталгандыгы так, даана көрсөтүлгөн. Бул жерде ашыкча каражат сарпталды деген сөз бул куру сөз болуп жатпайбы. Бул боюнча бизде бардык тийиштүү документтер бар. Ал эми спорткомплексти куруунун эң башкы максаты: темир жолчулардын ден-соолугун бекемдөө жана шаардыктар үчүн сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу”,- деп бул маселеге келгенде актанганын өткөн макалада келтиргенбиз. Ушул жооп менен өйдөдөгү фактылар байланышып турабы? Өзүңүз тараза болуңуз окурман! Албетте, ушуга окшогон фактыларды ачык айтып чыкканы үчүн “Локомотивдин” экс-директоруна бандиттерди жөнөтүп, коркутуп жатышкан чыгаар да. Миллиондоп солго кеткен каражаттар тууралуу сөз болуп жаткандыктан, буга катыштыгы барлар жөн гана телмирип карап турбайт. Каршы чыктыңбы, көрсөтөт көргүлүктү!

(Уландысы бар)

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *