Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Кыргыз-түрк ооруканасында COVID-19 менен ооругандар үчүн орун калган жок
Саясат

Кыргыз-түрк ооруканасында COVID-19 менен ооругандар үчүн орун калган жок

Кыргыз-түрк ооруканасында COVID-19 менен ооругандар үчүн орун калган жок. Бул тууралуу Telegram каналында хирург Эрмек Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, кошумча стационар ачылды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунан COVID-19 менен ооругандарды Улуттук госпитал кабыл ала баштагандыгын билдирди.

«Бишкекте COVID-19 менен ооругандарды  № 1 шаардык клиникалык оорукана, Кыргыз-Түрк достук ооруканасы, Улуттук фтизиатрия борбору жана Улуттук госпитал кабыл алышат. Керек болсо, керебеттер башка саламаттыкты сактоо уюмдарына жайгаштырылат», – деп белгилешти департаменттен.

Кечээ, 10-октябрда республикалык штаб сутка ичинде оорулардын саны 307, каза болгондор 5ти түзгөндүгүн билдирди. “Бул акыркы күндөрү жана айларындагы жаңы рекорд”, – деп билдиришти штабдан.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт