Кыргыз улуттук “Манас” жана Ч.Айтматов академиясынын президенти Топчубек Тургуналиев: “Академия улуттун рухий бренди болушу керек”

Ушул жылдын 31-январында президенттин “Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясын түзүү жөнүндө жарлыгы чыкса, аны ишке ашыруу боюнча Өкмөт 3-июнда токтом кабыл алып, анын Президенти болуп профессор Топчубек Тургуналиев дайындалган. Биз ага академиянын азыркы абалы жана келечеги жөнүндө бир катар суроолор менен кайрылдык.

– Топчубек Тургуналиевич, Академияны түптөп, калыптандыруу иштери кандай жүрүп жатат?

– Кулжанын үчүндө Өкмөттүн Академиянын түзүмүн, штатын аныктаган токтому чыккан. Бирок, Кыргызстанда бюрократмя абдан күчтүү экен, анын сормо сазынан, торунан чыга албай жатабыз. Системаны бюрократия биротоло чырмооктой чырмап алыптыр. Кыргызстандын кыйналып, чайналып жаткандыгынын негизги себептеринин бири – бюрократия. Алсак, ушул күнгө чейин Академиянын каржы маселеси чечилген жок. Бир тыйында бөлүнө элек. Отурган үстөл, отургучтарыбыз да Арабаев атындагы университеттики. Көп нерселерди өз чөнтөгүбүздөн телөп жатабыз. Эгерде каржы бөлүнсө, тендер өткөрүшүбүз керек, ага да эң кеминде бир ай талап кылынат. Мен эмеректерди саткан дүкөндөрдү кыдырып көрсөм, четтен келгендердин баары кымбат, бир диваны 90 миң сом экен. Андан көрө мебелдерди чыгарган бир фабрикалар менен оймо-чиймелерди, дагы башка улуттук колориттерди түшүртүп жасаткан кыйла арзан болчудай. Кыргыздын, Манастын, Айтматовдун руху эмеректерден да байкалып турса жаманбы?

– Академиянын негизги багыттары боюнча айтсаңыз?

– Башка маселелерде аз-аздан жылыш болууда. 27-баш оона күнү сынактын негизинде кызматкерлерди алабыз. Курамыбыз беш тепкичтен турат. Виринчи – башкаруучу курам, президент, вице-президенттер. Экинчи – бөлүм башчылар – 4. Үчүнчү – башкы адистер – 8, жетектөөчү адистер – 7, биринчи даражадагы адистер – 6, анан чарба кызматкерлери.

Биздин негизги максаттарыбыз – “Манас” эпопеясын дүйнөгө кеңири даңазалоо. Айтматовдун мурасын терең өздөштүрүү. Манастаануу, айтматовтаануу илимдерин эл аралык гуманитардык казынанын рухуна терең синирүү.

– Каражат качан чечиле турган?

– Биз Академиянын жылдын аягына чейинки муктаждыгына 14,5 миллион сом сураганбыз. Алар имараттын ремонтуна, эмеректерди жасатууга, орг.техникаларды сатып алууга, айлык акыларга жумшалат. Уюштуруу тобундагылар июндан бери иштеп жатышканы менен бир да айлык алыша алек. Эки имарат классикалык тейде курулган. Дубалдардын, паркетинин соо жери жок. Дубалдарда жарака кеткен жерлер да бар, боёктор өчкөн, тозгон, бизге өтө жаман абалда калтырышты. Аларды оңдоп, ремонттогонго 4 миллион сом талап кылынат. Кыргыздын рухунун эки туу чокусуна арналган мекеме боло турган соң, көргөн адам тамшана турган болушу керек, сырттан да, ичтен да көп адамдар келишет. Башка өлкөлөрдөн келгендер “булар өздөрүнүн маданий мурастарына ушунчалык урмат менен мамиле жасашат турбайбы” деген ойдо кетишсе, өлкөбүздүн кадыр-баркына да оң таасирин тийгизет. Жакынкы убакытта Академияны каржы, эмеректер, техникалык каражаттар менен камсыз кылуу чечилип калар деген ишенимде турабыз.

– Кандай максаттарды, милдеттерди коюп жатасыздар?

– Академиянын концепциясын иштеп чыктык. Ага ылайык, биринчи максатыбыз – “Манасты” Кыргызстандын дүйнөлүк брендине айландыруу. Экинчиси – Чыңгыз Айтматовдун жарыкка чыккан чыгармаларын тактап, мурастарынын баарын топтоп, изилдене элек, чала изилденген мурастарына өзгөчө көңүл буруу. Айтматовдун ушул убакка чейин басыла элек чыгармалары да бар, анын кайсыл чыгармалары кандай өлкөлөрдө чыгарылгандыгы жөнүндө толук так маалыматтар жок. Маселен, “Кассандра эң тамгасы” англис тилинде баланча өлкөлөрдө чыккан делинет. Бирок канча нускада, канча ирет басылганын билбейбиз. Ушундай эле нерсени анын Германияда чыгарылган китептери тууралуу да айтууга болот. Ал жерде Айтматовдун китептери 40ка жакын ирет басылганын билебиз, бирок калган маалыматтар белгисиз.

Үчүнчүсү – дүйнө жүзүндө “Манасты”, Айтматовду изилдешкен окумуштуулардын бардыгы менен байланыш түзүп, иш алып баруу, биз таптакыр билбегендери да бар.

Төртүнчү – “Манастын” варианттарынын кол жазмаларынын бардыгынын бирден көчүрмөсүн, Айтматовдун кол жазмаларын жыйнап, тактоо. Азыр Улуттук Илимдер Академиясынын тил жана адабият институтунда “Манастын” эчен варианттарынын кол жазмалары бар. Алар бир гана нускадан. Сапатсыз кагаздарга – түшүрүлгөндүктөн эскирип, өчүп, айрымдарын окуганга мүмкүн болбой баратат. Окуганга таптакыр мүмкүн болбой калса же кокус кырсык болуп кетип, алардын баары жарактан чыгып калса эмне болот? Баарынан заматта айрылып калабызбы? Андай болбосун, кудай сактасын, бирок баалуу нерселерге карата ашкере сактык кылган ашыкча болбойт. “Манастын” варианттарынын кол жазмаларын издешибиз, жок дегенде көчүрмөлөрүн да болсо чогултушубуз, Айтматовго байланышкан тексттердин жок дегенде бирден көчүрмөсү сөзсүз бизде да болушун камсыз кылышыбыз керек. Бул мамлекеттик улуу байлык казынасы ыйык сактоо маселеси.

– Жакынкы милдеттер кандай?

– Тогуздун айында Саяктай Каралаевдин 125 жылдыгына дагы бир маселеге арналган эки илимий – практикальж конференция. анан 18-октябрда Академиянын бет ачарын өткөрөбүз. Буйруса, кеч күздөн тартып, Академия толук иштей баштайт.

– Чыңгыз Айтматовдун кол жазмаларынын, өздүк китепканасынын тагдырлары кандай болуп жатат?

– Айтматовдун кол жазмаларынын көпчүлүгү адегенде уулу Аскарда болгон экен. Ал иниси Санжарга берген экен. Санжар Москвада. Роза эже менен сүйлөшсөм, “Жамийланын”, дагы бир-эки чыгармасынын кол жазмасы бар эле, аларды ким алып кеткенин билбейм дейт. Кол жазмалары канталамай болуп кетиптир. Айрымдарын неберелери алышыптыр. Алар бизге береби, же сатабыз дешеби? Бирок, болгонун, тапканыбызды чогултканга аракет кылабыз. Менин кейигеним, эмне үчүн ушул убакка чейин тийиштүү мекемелердин жетекчилери мамлекет башында тургандар Айтматовдун кол жазмаларынын тагдыры жөнүндө ойлонушкан эмес? Көрсе баары, “ура, ура, Айтматов улуу жазуучу” деп коюп эле жүрө беришиптир. Ал эми академиялык басылууларда бардыгы автордун кол жазмаларына салыштырылышы керек. Анын китепканасынын мураскору – аялы, анын макулдугусуз бир китебин да эч ким ала албайт. Акырындап ал маселе да чечилет деген ойдобуз.

-Адистер менен камсыз кылуу жагы кандай болуп жатат?

-Бизде “Манасты”, деги эле көркөм чыгармаларды башка негизги тилдерге бир нече тепкичтүү көрүнүш орун алып келген. Адегенде подстрочниги даярдалчу, аны башка бирөө көркөм котормого айландырчу. Ортодо оригиналдын көп жерлери бурмаланып, алгачкы көркөмдүк, эстетикалык касиеттеринен ажырап да калчу. Биз мамлекетгик тил менен бирге дүйнөлүк тилдерди да мыкты билгендерди издеп жатабыз.

Андай англис же немис тилинен кыргызчага, кыргызчадан айтылгандарга жана башка тилдерге түз которо тургандар бар, аларды артыкчылыктуу негизде ишке алабыз. “Манастын” варианттары көп. Канчага чейин “Манасты” башка улут өкүлдөрү гана которот?

Мейли, ал жакшы. Мындан ары гениалдуу эпопеябызды дүйнө тилдерине жүрөгү “Манас!” деп жалындап турган кыргыздар да которуу абзел. Биз жаңы сапаттагы котормочуларды, компьютердик лингвисттерди даярдашыбыз зарыл.

– “Манастын” барбык варианттарын которуу максатпы?

-“Манастын” бир нечеси басылы чыкты. Алардын баарын чет тилдерге которуп чыгаруунун зарылдыгы жок. Компьютердик лингвистиканы өздөштүрүү керек. “Манастын” классикалык варианттарын дүйнөнүн тилдерине котортуп, эл аралык “желеге” салабыз. Ал жерге түшсө дүйнөнүн бардык жерине таркап кетет. Ал мүмкүнчүлүктү биз сезсүз пайдаланабыз, ансыз максатыбызга жетпейбиз. “Манастын” академик Болот Юнусалиевдин жетекчилигинде 1958-1960-жылдары чыгарылган бириктирилген, кыскартылган вариантын негиз кылып алсак деген пикирибиз бар. Аны эксперттик илимий топ чечет.

– Кара сөз түрүндөгүлөрү кандай?

– “Манастын” кара сөзгө түшүрүлгөн түрлөрү да белгилүү. Алардын эң мыктысы – Ашым Жакыпбековдун ‘Теңири Манасы”, келөмү да чакан. Аны орусчага которто баштадык. Анткени, ыр саптары менен жазылгандарга караганда кара сөз түрүндө жеткиликтүү болот, окуганга, түшүнгқнгө жеңил. Дүйнөнүн баардык өлкөлерүндө поэзияга кызыккандарга караганда кара сөз түрүндөгү чыгармаларды окугандар көп. ‘Теңири Манас” мыкты жазылган, поэтикалык сапаты да күчтүү.

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *