Кыргыз улутунун келечегине жаштар тараптан коркунуч туулабы?

Же биздин тарбиянын максаты – ар намыстуу, улутман, патриот муундарды остуруп чыгаруубу же улутсуз, тарыхый тамырсыз, космополит маңкурттарды уядан учуруубу?

1. Өз чүрпөсүнүн өз эне тилинде тили чыгыш укугуна кыянаттык кылуу же баласын табигый шыбагасынан ажыраткан ата-эне 

Биздин Ала-Тообуздун ичинде кыргыздардын арасында кимдер арбын? Өзүнүн кыргыз экенине эсеп бербеген, улуттук өзүн-өзү аңдап түшүнүүсү, улуттук ар намысы, улутмандык сезими ойгонбогон, көр-тирликтен башканы ойлонбогон Эшмат, Ташматтар арбын. Чиним бар деп чиренген чиновниктердин, чочоңдогон чоңдорубуздун арасында улут кызыкчылыгын ойлонбогон “Абыке-Көбөштөр” арбын. Дагы кимдер көп? Улуттук дөөлөттөрүн, “Манасын” тааныбаган, өз тарыхый тамырына чоочун космополиттер, чет жактан келген модалардын жана жат идеологиянын “этегине намаз окуган”, өз коломтосуна түкүргөн, эне тилине кайдыгер маңкурт жандар да аз эмес. Бишкектен автобустарда, троллейбустарда өзүнүн 3-4 жаштагы чүрпөсү менен орус тилинде сүйлөшүп бараткан кыргыз энелерди жолуктурабыз. Кыпчып айта кетели, кеп бул жерде орус тилинде эмес, кеп эненин өз кулунунун өз эне тилинде тили чыгышына укуктуу экенине көз жумуп, баланы табигый шыбагасынан ажыратып жаткандыгында. Кыргыз чүрпөнүн тилин кыргызча эмес, орусча чыгарган эне улуттук аң-сезимден таптакыр ажыраган маңкурт же нигилист эмей эмне? Бул жалгыз факты эмес. Анан калса, өз элин, жерин, эгемендүүлүгүн сатып жиберүүгө даяр “көзкамандар” да жок эмес. Мындай адамдык типтер, айрыкча, глобалдашуунун шарттарында майда этносторду, бутуна жакшы тура элек кичине улуттарды чоң улуттар, чоң державалар ассимиляциялап “жутуп” коюу коркунучунун кырдаалында, кыргыз мамлекети үчүн кооптуу жана опурталдуу. Мындай улуттук руху бүлгүнгө учураган типтер улам арбый берсе, эгемендүүлүгүбүздү жоготуш, бөлөк мамлекеттерге кул болуп калыш оңой.

2. Ата-бабалардын ар намыс кодекси кайда? Же кыргыз коомунун алдында айкүрүнөн турган маселе

Кыскасын айтканда, глобалдашуунун шарттарында өзүнүн улуттук пайдубалын, улуттук иденттүүлүгүн бекемдөө үчүн кыргыз мамлекетине кыргыз рухун, Манас рухун алып жүргөн мекенчил жарандар аба менен суудай зарыл болуп турат.

Андыктан кыргыз коомунун алдында бүгүн билимдүүлүк, илимдүүлүк сапаттар менен кошо өзүндө улуттук руханиятты алып жүргөн, көкүрөк – көөдөнүндө ата-бабалардын ар намыс кодексин көтөрүп жүргөн уңгучул, улутман, патриот жарандарды тарбиялоо, өстүрүп чыгаруу, муундардын улуттук өзүн-өзү аңдап түшүнүүсүн калыптандыруу маселеси өзгөчө курч түрдө, айкүрүнөн туруп жатат.

Улутту кантип сактайбыз? Дүйнөлүк көчкө кантип кошулабыз? Бул чоң суроо өлкө башчыларынын көңүл чордонунда турушу зарыл. “Дүйнөлүк сахнадагы биздин жолубуз, багытыбыз, эртеңки күнүбүз кандай болот? Биздин дүйнөлүк сахнада ордубуз, алган багытыбыз болушу керек”,- деп улуу Ч.Айтматов бекеринен толгонгон, санааркаган эмес. Экономика, чарба, жемкорлукка каршы күрөш менен алек болгон жакшы. Бирок дүйнөлүк сахнада татыктуу кыргыз улуту болуш үчүн муундарды улуу Манас руху менен сугарып, татыктуу кыргыз кылып тарбиялоо деген чоң саясатты эстен чыгарбай, аны стратегия катары кармануу күн тартибинде турат.

3. Улуттук тарбиясы кучтүү калктар же Кыргызстандагы немис улуту мусулман, орус же кыргыз болуп кеткен жок

Мына карайлычы, Германиядагы немис каерде болбосун немис бойдон калат. “Мен немисмин!”-деп сыймыктанат. Туура да, немистер кылымдап калыптанган, түпкү негиздери бекем, улуттук таалим-тарбиясы күчтүү улут. Германиялык адам качан болбосун, кайсы жерде болбосун ар дайым немис тили, немис менталитети менен бирге. Маселен, кыргызстандык немистер канча жыл Ала-Тоодо жашаса да, кыргыз же орус болуп, мусулман болуп кетишкен жок го.

Кавказ аймагындагы грузиндер, армяндар да ушундай. Булардын өздөрүнүн улуттук өзгөчө алфавиттери да бар. Билимдүү – илимдүү да, грузин дайыма грузин, армян дайыма армян. Өздөрүнүн улутук жүзүн ар качан бекем сакташат.

4. Түркиянын билим-тарбия идеологиясы кандай?

Кыргызстандагы түркиялык адам, кыргыз тилин суудай билсе да, ар дайым түрк болуп жашайт. Эмне үчүн мындай? Себеп дегенде, бул өлкөлөрдүн жарандары тырмактай бала кезинен үй-бүлөдө, бала бакчада, мектепте өз эне тили менен, өз улуту менен сыймыктанууга, улуттук ар намыска, мекенчил сезимге тарбияланат. Өз чөйрөсү улуттук сезимди, улуттук касиетти, улутмандыкты баланын кан-жанына кенедейинен сиңирип коёт. Аталган мамлекеттерде улутту улут катары сактоо саясаты күчтүү. Маселен, Түркиянын билим-тарбия системасынын башкы жобосун жана максатын карап көрөлүчү. Бул өлкөнүн билим берүү мыйзамында мындай деп жазылган: “Түрк улуттук билим берүүсүнүн максаты – түрк коомчулугунун бардык мүчөлөрүн Ататүрктүн прициптерине, революциясына жана Башмыйзамда көрсөтүлгөн Ататүрк патриоттуулугуна (мекенчилдигине) ылайык түрк улутунун улуттук, нравалык, инсандык, руханий жана маданий баалулууктарын кабыл алган, сактаган жана өнүктүргөн, үй бүлөсүн, мекенин, улутун сүйгөн жана дайыма өркүндөтүүгө аракет кылган, инсан укуктарына жана Башмыйзамдагы негизги принциптерге таянган демократиялык, граждандык жана социалдык укуктук мамлекет болгон Туркия жумуриятынын алдындагы милдет жана жоопкерчиликтерин билген, ошондой эле аларды аракетке келтирген мекендештер катары калыптандыруу”.

Ошол эле Түркияда мектеп мугалиминин антында: “түрк улуттук патриоттулугуна, баш мыйзамдын негизги принциптерине берилүү менен иштээриме, окуучуларымды ушуга ылайык тарбиялоого ар намысым жана абийирим менен ант берем”-деп жазылган. Кыскасы, бөлөк өлкөлөрдүн билим берүү башкы документтеринде демократиялык идеалдар менен катар жаштарды өз улутунун, өз мамлекетинин баалуулуктарынын негизинде тарбиялоого багыттар ачык-айкын жазылат. Бөлөк мамлекеттер мына ушинтип, окуу-тарбиянын башкы максатын өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктарынан жана муктаждыктарынан чыгып аныктайт. Мындан улам эмнени айтууга болот? Демек, Түркиянын билим-тарбия системасынан өз калкын түрк улуту катары сактоо жана өнүктүрүү философиясы, ар бир түрк жаранын өз мекенинин патриоту катары калыптандыруу саясаты ачык байкалып турат.

5. Кыргызстанда ак калпак кыргызды улут катары сактоо саясаты барбы?

Ушул контексте Кыргызстандагы бүгүнкү абалга кайрылып көрөлүчү. Бизде кыргыз улутун кыргыз улуту катары сактоо, өнүктүрүү, кыргыз балдарды кыргыз кылып тарбиялап өстүрүү саясаты барбы? Бар болсо, ал саясат туруктуу түрдө, активдүү түрдө жүргүзүлөбү? Мындай саясат бизге окшогон, жаңыдан өз алдынчалыкка ээ болгон, бирок тоталитаризмдин учурунда маңкуртгук илдетке көбүрөөк чалдыккан өлкөдө өзгөчө интенсивдүүлүк менен жүргүзүлүшү керек. Илгери Манас атабыз өз ата-бабаларынын баатырдык тарыхы менен мактанып: “Биздин элди сурасаң, эрендер менен маңдайлаш, чечендер менен таңдайлаш, бөтөнчө журт олуя, беттеп адам барбаган, ар душман жеңип албаган”- деп сыймыктанып турчу экен.

А биздин бүгүнкү кээ бир өспүрүмдөр “эгер сен кайра төрөлүп калсаң ким болууну каалар элең?”-деген телевидениенин суроосуна: “немис болгум келет, англичанин болууну каалайм, орус болгум келет”- деп жооп берип отурушат. Алар бир гана кыргыз болууну каалабайт. Суроо туулат, Манас атадай, Бакай атадай, Чолпонбай Түлөбердиевдей кыргыз болуу жаман нерсеби? Тайлак баатырдай, Курманжан даткадай, Кыдыр Акедей, Жусуп Абдрахмановдой, Ишенаалы Арабаевдей, Искак Раззаковдой, Зууракан Кайназаровадай, Кожомкул балбандай, Чынгыз Айтматовдой, Султан Ибраимовдой, Таштанбек Акматовдой кыргыз болгуң келбейби? Булар керек болсо кыргыз гана эмес, жалпы адамзат сыймыктанчу инсандар эмеспи.

6. Муундарга улуттук баалуулуктардын негизинде тарбия берүү стратегиясы жок өлкө

Кыргыз эли Азиядагы эң байыркы, бир кезде өзүнүн империясын курган, өзүнүн жазуу – сызуусуна эгедер болгон, ак жаркын, жеңиштерге да, трагедияга да бай тарыхы бар каарман, жоокер эл болгон. Кыргыз болуу сыймыктуу экендигин жогоруда Манас атабыз адилет белгилеген. Бирок союз кезиндеги тоталитардык-коммунисттик үстөмчүл идеологиянын тушунда тарыхый тамырларыбыз кыркылып, тексиз, сабатсыз, караңгы кыргыз деген басынткан империялык шовинизмден коркуу сезими ушунчалык каныбызга сиңип калган деңиз, бүгүнкү күнгө дейре катардагы жарандарыбыздан тартып, өйдө жактагы чоңдорубузга чейин “улут”, “улутту сүйүү” деген сөздөн чочулап турабыз. Кыргызым дебе, улутчул дешпесин, интернационалист бол дешет. Бизде улуттук кадыр-барк сезими (чувство национального достоинства) көп учурда өзүнүн уктаган, селейген абалын улантууда. Мына ушундан улам муундарды улуттук нарк-дөөлөттөрдүн негизинде тарбиялоо концепциясы кыргыз өлкөсүндө мамлекеттик деңгээлде расмий түрдө кабыл алынбагандыгы бекеринен эмес деп айткыбыз келет. Мындай стратегия жок. “Манас” жөнүндө мыйзам кабыл алынганы менен ал иштебей, унутта калтырылгандыгы баарыбызга маалым.

7. Билим берүү системабыз улуттук ар намысты, мекенчилдикти, патриотту эмес, жалпы эле “дүйнөнүн граждандарын” тарбиялайбы?

Биздин билим берүү боюнча мамлекеттик доктриналарыбыз, концепцияларыбыз, мыйзамдарыбыз, улутманды, патриотту, мекенчилди эмес, жалпы эле “дүйнөнүн граждандарын” окутуп тарбиялоого көбүрөөк эсептелген. Маселен, Грузияда жанагындай грузин баланы грузин кылып тарбиялоо, Түркияда түрк урпагын түрк кылып калыптандыруу, ал аркылуу улутту сактоо, улуттун улут катары келечегин куруу саясаты жүрсө, Кыргызстанда кыргызды кыргыз кылып тарбиялоо, өстүрүү педагогикасы жана идеологиясы жолго коюлбаган. Буга көңүл бурулбайт. Мына ушундан улам жогоруда кыргыз өспүрүмдөрдүн “эгер кайра туулуп калсам немис, англичанин, орус болгум келет”- деп атышканы бекеринен эмес.

Өзүнүн улуттук тарыхый тамырын тааныбаган, өзүнүн бир боор улутуна таандык болгондугу менен сыймыктана албаган өйдөдөгү өспүрүм балдарды бир жагынан күнөөлөп болбойт дегим келет. Күнөө бул жерде ошол балдарды кичинекейинен “тарбиялап” келе жаткан чоңдордо, жеткинчектердин акыл-эсинде тарыхый эстутумду, өз учурунда жаратып, түзө албаган, алардын жан дүйнөсүнө патриоттук, атуулдук-граждандык, улуттук ар намыс сезимин сиңире албаган биздин коомдук тарбия системабыздын алсыздыгында дээр элем. Бул балдар жалгыз эмес.

8. Чыныгы кыргыз болуу деген эмне?

Кыргыз болуу деген эмне? Кыргыз болуу деген ата-бабалардын кылымдардын сыноосунан өткөн руханий салттарын улоо, Манас, Бакай, Кошой аталардай чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган, жоголгон жокту тапкан, мекенчил атуул болуу деген сөз.

Кыргыз болуу деген Курманбек баатырдай, Жаңыл мырзадай, эли-жерин коргогон патриот болуу, элинин, мекенинин бүгүнкү эркиндигин, эгемендүү мамлекеттүүлүгүн патриот аталар сыяктуу эң жогорку баалуулук катары ыйык тутуу жана мамлекетинин гүлдөп өнүгүшү үчүн кара жанын карч уруу деген сөз.

Кыргыз болуу деген сөз, ак калпак калктын цивилизация бузбаган, илгертен келе жаткан адептик-ыймандык, моралдык – этикалык дөөлөттөрүн, маданий нарктарын, каада-салттарын, көчмөндүк оюндарын көкүрөк көөдөнүндө көтөрүп жүрүү, жүрүм-турумунда алып жүрүү деген сөз. Кыргыз болуу деген сөз, кыргыз тилин жүрөгүндө алдейлеп, туу кылып көкөлөтүп, алып жүрүү, “өзгө тилди канча жакшы көрсөм да, өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм”- деп сыймыктана чын дилинен төгүлүү деген сөз.

Кыргыз болуу деген сөз, ата-бабалардын тарыхы менен сыймыктануу жана бекем тарыхый эс тутумга ээ болуу, улут аралык, эл аралык ынтымак, достукка бекем болуу деген сөз.

Албетте, кыргыз деген дүйнөлүк илим билимди, инновацияларды адам укугун демократиялык принциптерди да, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү да өздөштүрөт. Бирок ал өзөгүндө кыргыз болуп, кыргыз касиеттерин сактап жашайт. Демек, баланы кыргыз кылып тарбиялоо эң сонун нерсе, эң сонун мүдөө турбайбы.

Тилекке каршы, биздин өлкөдө ушундай улутмандык таалим-тарбия саясаты туруктуу, системалуу жүрбөй келди. Ушул мааниде бардык тарбия институттарына, билим берүү системасына багыт болуп бере турган мамлекеттик стратегия иштелип, кабыл алынбай кечикти. Улуттук идеология жок болсо, коомдо багыты жок башаламандык өкүм сүрөт экен да.

9. Россия менен Казакстандын өрнөгү

Коңшу Казакстанда, Россияда муундарды патриотизмге тарбиялоо концепциялары, программалары 20- кылымдын 90-жылдарында эле мамлекеттик деңгээлде кабыл алынып, андан бери карай улам өркүндөтүлүп, колдонулуп келе жатат. А бизде эмне үчүн бул жок? Бир жагынан айтсак, кантип болот? Ажо дегендер өлкөдөн качып, түрмөгө тутулуп, премьер-министрлерибиз ат тезегин кургатпай, жыл сайын алмашып отурса, кайдагы тарбия стратегиясы болот? Ишенген кожолоруң сууга агып жатса, кайдагы улутту сактоо саясаты жүрөт?

10. Улуттук сыймыктан, кыргыз рухунан ажыраган жаштар – келечегибиздин шору болобу? Же бүгүнкү тарбиянын ачуу чындыктары

Бүгүн таалим-тарбия жаатынан эмнени көрүп отурабыз? Көз алдыбызда китеп окуу маданиятынан ажыраган, көркөм адабият окубаган, башына интернеттен алынган ар кандай маалыматтардын үймөгүн толтуруп алган, “компьютер баштуу” (Мухтар Шаханов), чөнтөк телефон маңкурттары, рухий сулуулукка, асылдыкка, адамдык наркка умтулууну киреше бербес тармак деп эсептеген, дүйнөгө жалаң коммерциянын ыңгайынан кароого ык алган, өз эне тилин жерип, чет өлкөнүн тилине кудайындай сыйынган, улуттук нигилизм жагына оогон жаштар жаандан кийинки козу карындай жайнап чыгып келди. Мындай кыргыз рухунан, улуттук сыймыктан кагылган жаштар кыргыз улутунун жакынкы келечегинин шору болушу толук ыктымал. Биздин акындарыбыз: Умтулуп алга кетсең да, Уюткуң сакта кыргызым Капиталга жетсең да, Каадаңды сакта кыргызым, Өйдөлөп канат каксаң да, Өзөгүң сакта кыргызым. Көкөлөп учуп чыксаң да, Көрөңгөң сакат кыргызым – деп какшап эле ырдап атышат. Бирок, буга үй-бүлөлүк деңгээлде да, өкмөттүк деңгээлде да кулак сагышпайт. Тескерисинче, кыргыз үй- бүлөлөрүндө ата-энелердин кыргызча окутууну чанып, өз чүрпөлөрүн орус бала бакчасына, орус, англис класстарына, мектептерине өткөрүү тенденциясы күч алууда. Натыйжада эмнелерге күбө болуудабыз. Шаарлардагы жалаң кыргыздар жашаган көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда кыргыз чүрпөлөрдүн орусча кужурап ойноп жатышканын көрүп отурабыз. Ал жерде бир да орус жок. Албетте, бөбөктөрдүн тил билгени жакшы. Бирок алардын кыргыз болбой, киргиз болуп тарбияланып жатканы тынчсыздандырат. Бул фактынын өзү кыргыз үй-бүлөсүндө улуттук ориентирдин жоктугунун, үй-бүлөдөгү кыргыз рухунун деградациясынын, өлкөнүн улуттук идеологиясынын жоктугунун натыйжасы.

Практика далилдеп жатат. Эгер таалим-тарбия өзүнүн этникалык кыртышынан, улуттук көрөңгөдөн жана салттан ажыраса, мунун натыйжасы, жемиши катары маңкурткул, тамырсыз космополит, өз коломтосуна чоочун “көзкамандар”, жалпы эле “дүйнөнүн гражданы” же нигилист келип чыгарына күбө болуудабыз. Улуу Манас Атабызга Москва шаарында эстелик тургузулгандыгы үчүн Бишкектик Бахтияр аттуу жигиттин өлкөнүн президентине каршы джихад жарыялагандыгын эске түшүрөлү (“Вечерний Бишкек”, 26.05.2017). Төбө чачты тик тургузган бул эмне деген тарбиясыздык, не деген маңкуртчулук жана көзкаманчылык. Мына, карагын, өзүбүздүн Олжобай менен Кишимжандын, Семетей менен Айчүрөктүн, Акмөөр менен Болоттун, Аксаткын менен Кулмырзанын, Манас менен Каныкейдин, кийинкиси Канат менен Заринанын, өзүбүздүн чыгыштагы атактуу Лейли менен Мажнундун, Фархат менен Шириндин укмуштуу сүйүүлөрүн майрам күнү кылбай, батыштан экспорттолгон “Валентин күнүн” майрамдоо, өз улуттук баалуулуктарын, өз тамырын, тебелеп-тепсеп, өз баркын билбей, өзгөлөрдү белимчидей тууроо – ата-тегин билбеген кулчулук эмеспи.

Жаштарыбызда өздөрүнүн тагдырын бир тууган мекени, Ата-Журту менен бекем байланышта карабаган тенденция өсүп бара жатат. 2011-2012-жылдарда Кыргызстандын бардык жети областында социологиялык изилдөөгө тартылган 1410 жаш адамдын баалуулук ориентациясында “мекенчилдик” акыркы орундардын бирин ээлеген (8,3). Жаштар өз өлкөсүнүн рухий мурастарын үйрөнүү жагынан да пассивдүүлүктөрүн көрсөтүшүүдө. Ошол эле социологиялык изилдөө жаштардын, мисалы “Манас”’эпосун айрым үзүндүлөр түрүндө гана үсүл-кесил билерлигин аныктаган (Романов Б., Исаев К., Сыргабаев С. Кыргызстан жаштарынын социалдык бейнеси- бейнеси -Бишкек, 2012, 47-бет).

11. Улутубуздун ички биримдигине шек кетүүдө же кыргыз мамлекети өз жарандарынын тарбиясына качан идеологиялык багыт берет?

Кыскасын айтканда, улуттук баалуулуктарга негизделген таалим тарбия багыттамасы мамлекеттик деңгээлде документтештирилип, системалуу түрдө жолго салынбагандыктан улам өлкөдө келип чыккан вакуумду массалык маданияттын арзан стандарттары жана стихиялуулук ээлеп, түркүн күчтөр тарбия “арабабызды” Крыловдун тамсилиндегидей бири туурага тартса, бири өйдөгө тартып, бири төмөнгө тартып урпактарыбыздын социалдашуусу ыраатсыз, башаламан өтүп жатат. Бүгүн кыргыз жаштарынын бири “Хизбут-Тахир” болсо, экинчиси христианин, үчүнчүсү буддист, төртүнчүсү баптист, дагы бири иоговдук сектанын мүчөсү, дагы бири диндик экстремисттик-террордук уюмдын катарында. Жаштарыбыз ар түркүн диндик багыттарды, агымдарды тутунуп, бири-бирине чоочун диндик ишенимдер боюнча ич ара топторго ажырап, калкыбыздын ички биримдигине шек кетип жатат. Булар кооптуу, коркунучтуу тенденциялар. Ушундай жагдайлардан улам күйүп-бышкан акындык жүрөктөн төмөнкүдөй ыр саптары жаралып отурбайбы:

Аскербегиң ары жок,

Башка динге өттүбү?

Байкесин ээрчип Батмакан, Баптизмге көчтүбү?

Сарыгул балаң арабдын, Сакалын барып өптүбү? Мойнуна крест тагынган, Паранжыны жамынган,

Улут безер уул-кызы,

Уу жуткузуп кеттиби?

Чынар болот дегендин,

Чырагы минтип өчтүбү?

Жашы менен карысы,

Сотканы тиктейм баарысы. Экранда даң салат, Киллерлердин жарышы.

Киши өлтүргүч кинолор, Жаштардын болду дарысы, Кыргызың үчүн буларың, Кызыктын болду нагызы. Китептер калды окулбай, Китептин чыкпайт дабышы. Тарбияга ушубу,

Өлкөңдүн берген багыты? Сагызгандын уясы,

Сайда калды кыргызым. Тукумга берген тарбияң,

Кайда калды, кыргызым. Көгүчкөндн уясы,

Көлдө калды кыргызым, Башаламан тарбияң,

Чөлдө калды кыргызым?…

Советбек Байгазиев, Кыргыз билим берүү академиясынын башкы илимий кызматкери, профессор-публицист

Булак: “Майдан.кж”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *