Кыргыз жергесинде армрестлинг боюнча Азия чемпионаты өткөрүлөт

Кыргыз Республикасынын Жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентининин директорунун орун басары Канат Арпачиевдин билдиргенине караганда 6-июндан 12-июнга чейин Чолпон-Ата шаарында армрестлинг (кол күрөш) боюнча 2019-жылдын Азия чемпионаты өткөрүлөт. Бул балбан билектердин таймашууларына Азиянын ондон ашуун өлкөлөрүнүн командалары келүүгө ниет кылышууда.

Кыргызстандык балбандар учурда Ысык-Көлдө машыгууларын өткөрүп, даярдык көрүшүүдө. Быйылкы Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын 30 спортчу коргомокчу. Алардын 12си мүмкүнчүлүктөрү чектелген майып спортчулар болсо, калган 18 спортчу “Мырзалар жана айымдар” категориялары боюнча күч сынашат. Мындан мурдакы Азия, дүйнө чемпионаттарында кыргызстандык спортчулар бир нече жолу ийгиликтерге жетип, Азиядагы мыкты командаларынын катарына кошулган.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *