Кыргыз жергесиндеги Улуттук Олимпиада Комитеттердин форуму

Жакында эле 2-3-сентябрь күндөрү   Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн, Балтика жээгиндеги жана Грузия мамлекеттеринин Улуттук Олимпиада Комитеттеринин форуму өттү.

2-сентябрь күнү  Чолпон-Ата шаарындагы  «Рух Ордо» маданий борборунун залкар, даанышман жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жыйындар залында  Эл аралык Олимпиада комитетинин «Олимпиадалык тилектештик» уюмунун колдоосу менен КМШ өлкөлөрүнүн, Балтика жээгиндеги жана Грузия мамлекеттеринин Улуттук Олимпиада Комитеттеринин жетекчилеринин  аймактык форумунун ачылыш аземи болуп,  олимпиадалык кыймылды жайылтуу боюнча кызыктуу докладдар,  көйгөйлүү маселелер боюнча талкуулар, пикир алышуулар болду. Иш-чара Кыргыз Республикасынын   Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) демилгесинде өттү.

Форумга 15-өлкөнүн:  Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Литва, Молдова, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина жана Эстония мамлекеттеринин олимпиада комитеттеринин жетекчилери келишти.

Алардын катарында олимпиада чемпиондору жана жеңүүчүлөрү, учурдагы Олимпиада комитеттердин жетекчилери Станислав Поздняков (Россия), Дайна Гудзиневичуте (Литва), Юрий Тамм (Эстония) жана ошондой эле Гейдар Алиев фондусунун вице-президент, коомдук ишмер Лейла Алиева,  украиналык белгилүү окумуштуу Владимир Платонов жана башкалар болушту.

Иш-чарада Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинин башчысы Канат Аманкулов, КР УОК президенти Шаршенбек Абдыкеримов,  Шериктеш өлкөлөрдүн,  Балтика жээгеидеги жана Грузия мамлекеттеринин олимпиадалык форумдарынын координатору, Россия Федерациясынын олимпиадалык комитетинин башкы катчысынын орун басары Юрий Юрьев сөз сүйлөп, олимпиадалык кызматташуунун, достуктун маанилүү экендигин баса белгилешти.

«Бул форум УОКту башка КМШ мамлекеттеринин иш тажрыйбасы менен тааныштыруу, олимпиадалык  кыймылды жайылтуу  иш чараларынын турмушка ашыруучу кызыктуу маалыматтар менен бөлүшүү максатында өттү. УОКтун башчылары бирин бири жакшы таанып, тажрыйба алмашуусу үчүн ушундай шерне керек», – деди Россия Федерациясынын Олимпиада комитетинин башкы катчысынын орун басары жана координатор Юрий Юрьев.

Аягында ал форумдун ийгиликтүү уюштурганы үчүн кыргыз элине ыраазычылыгын билдирди.

-Чолпон-Ата шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов көзү тирүүсүндө дүйнөгө таанымал коомдук жана мамлекеттик  ишмерлерди, жазуучуларды чогултуп «Ысык-Көл форумун» өткөрүп, глобалдуу маселелерди талкууган алган эле. Эми ошол салтты Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетти улантып, быйыл мурдакы Советтер Союзунун курамына кирген учурда эгемен болгон 15 мамлекеттердин олимпиадалык комитеттеринин башын бириктирип, спорттогу көйгөйлөрдү талкууга алып, тажрыйба бөлүшүп жатканы, анан дагы «Рух Ордодогу» Чыңгыз Айтматов атындагы жыйындар залында форум өткөнү да символалуу, колдоого алуучу жөрөлгө болду.  Иш-чаранын жүрүшүндө  2020-жылыТокио шаарында өтө турган Олимпиадалык оюндарга даярдык көрүү, 1980-жылкы Москва олимпиадасынын 40 жылдык мааракесин белгилөө, спорттук адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу,  Экинчи Европа оюндарынын мурастары,  быйыл Баку шаарында өткөн уландардын Европалык олимпиадалык фестивалы, Азия жана Европа өлкөлөрүн бириктирген «Азия балдары» Эл аралык оюндары, спорттук медицина, журналистика жана башка заманбап маанилүү маселелер   боюнча  докладдар окулуп, сунуш-пикирлер, омоктуу ойлор айтылды. Форумдун жыйынтыгы олимпиадалык жана олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнүн өнүгүшүнө жана олимпиадалык кыйымылдын жайылышына чоң салым кошот. Тилекке каршы бүгүнкү күндө кыргызстандык айрым  машыктыруучулардын деңгээли учур талабына жооп бербейт. Ошондуктан Россия, Украина, Балтика өлкөлөрүнүн тажрыйбаларын үйрөнүү зарыл.  Спортчуларды даярдоодо көйгөйлөр бар, тактап айтканда Шериктеш өлкөлөр менен бирге окуу-машыгуу өткөрүү натыйжа берет эле», – дейт Кыргыз Республиксынын УОК вице- президенти, КР Улуттук дзюдо федерациясынын Ардактуу президенти  Ырысбек Мааткабылов.

Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинин башчысы Канат Аманкулов мындай форум Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жатканын белгилеп,  «Форумдун негизги максаты- КМШ мамлекеттеринин, Балтика жээгиндеги жана Грузия өлкөлөрүнүн арасында олимпиадалык комитеттеринин ортосунда тажрыйба алмашуу, кызматташууну тереңдетүү болуп эсептелинет» деп айтты К.Аманкулов.

Иш-чаранын жүрүшүндө  төмөнкү темалар боюнча талкуулар, бет ачаарлар, пикир алышуулар  болду:

– 2020-жылы Токио шаарында өтө турган Олимпиада оюндарынын алдындагы даярдыктар

-1980-жылкы Москва олимпиадасынын 40 жылдык мааракесин салтанаттуу белгилөө

– Спорт адистеринин кесиптик деңгээлин көтөрүү: Олимпиадалык тилектештигинин мүмкүнчүлүктөрү жана Литванын УОК тажыйрбасы

– II Европа оюндарынын мурасы

– Жаштар арасында «Баку 2019» Европалык Олимпиадалык фестивалынын жыйынтыктары

– Европа жана Азияны бириктире турган «Азия Балдары» деген эл аралык оюндар

– Россия Олимпиадалык комитетинин 2024-жылы өтө турган XVIII дүйнөлүк ТАФИСА «Спорт баары үчүн» оюндарын өткөрүүгө уруксаат алуусу жана камылгасы

– Латвияда Европа спортунун жумалыгы

– Спорт менен машыгууга клиникалык сунуштар

-«Спорт түрлөрү боюнча Энциклопедия»  долбоорунун мазмуну жана олимпиадалык билим берүү

-Спорт жана жалпыга маалымдоо каражаттары

– Молдова Республикасындагы Олимпиадалык кыймылдын пропагандасынын аспекттери

-Иш-чаранын аягында катышуучулары Россия Олимпиадалык комитетинин президенти, олимпиада чемпиону Станислав Поздняковдун XXII 1980-жылы Москва шаарында болуп өткөн Олимпиаданын 40 жылдыгын  2020-жылдын 4-июлунда белгилөө сунушун  бир добуштан колдоого алып, ар бир өлкө Москва олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн жиберүүнү макул көрүштү,-деди КР УОК президенти Шаршенбек Абдыкеримов .

Форумдун катышуучулары кечинде «Алыкул» теплоходу менен Ысык-Көлдө сүзүп, маданий иш-чарага күбө болушуп, кыргыз искусство чеберлеринин концертин көрүштү.

Ошондой эле  3-сентябрда иш-чаранын катышуучулары Чолпон-Ата шаарына жакын Бакту-Дөлөнөтү айылындагы Ат майданда кыргыздын улуттук ат оюндарын көрүп, каскадерлордун өнөрүнө күбө болушту  жана «Дордой» ассоцациясынын демилгеси менен курулган «Nomad» комплексине барышып,  Анфитеатрдагы Кыргыз эл артисти Курмангазы Азыкбаев баштаган искусство чеберлеринин   классикалык концертине назар салышып, кыргыздын меймандостугуна ыраазы болушту.

Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин Аткаруу комитетинин мүчөсү, «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков жана Кыргыз Республиксынын УОК вице-президенти, КР Улуттук дзюдо федерациясынын Ардактуу президенти  Ырысбек Мааткабылов  чет өлкөлөрдөн келишкен форумдун бардык катышуучуларына залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналып чыгарылган чыгармаларынын толук 10 томдук жыйнагын белек катары тартуулашты.

-Форум абдан жогорку деңгээлде өтүп, Ысык-Көл мага өзгөчө таасир калтырды. Эмдиги жылы да үй-бүлөм менен Ысык-Көлгө келүүгө тилек кылдым. Айрыкча менин сүйүктүү жазуучум Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармаларынын толук 10 томдук жыйнагы мен үчүн эң баалуу белек болду, -деп кубанычын жашыра албады Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин кызы,  Улуттук олимпиада комитетинин координатору, Гейдар Алиев фондусунун вице-президент, коомдук ишмер «Баку» журналынын башкы редактору Лейла Алиева.

Мындан тышкары меймандар Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаевдин демилгеси менен Чолпон-Ата шаарында курулган спорт комплекси менен да таанышты.

Кабыл Макешов,  КР УОК Аткаруу комитетинин мүчөсү, спорттук баяндамачы  

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *