Видео – Коронавирус: Кыргызстан чет элдиктердин баарына чек арасын жапты

Кыргызстан чет элдиктердин баарына өзүнүн чек арасын жапты. Бул тууралу КР вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 17-мартта өкмөт журналисттер үчүн өткөрүп жаткан брифингде билдирди.

“Бүгүн коронавирус инфекциясын өлкөнүн аймагына кирүүсүнүн алдын алуу боюнча республикалык штабда бардык чет өлкөлүктөр үчүн Кыфргызстандын чек арасын жабууну чечтик. Кыргызстандагы чет өлкөлүктөр чыгып кете алышат, бирок бир да чет өлкөлүк Кыргызстанга кире албайт. Бир гана Кыргызстан үчүн жүк ташып келе жаткан жүк ташуучу машиналардын айдоочулары гана текшерүүдөн өтүп кире алышат”, – деп билдирди Алтынай Өмүрбекова.

Булак: KyrgyzToday.kg            

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *