Кыргыздар хоккей ойноого ынтызаар

Спорт журналист Кабыл Макешов кыргыз хоккейинин күңгөй-тескейи тууралуу кеп кылат. Себеби март айынын башында Бишкекте өтчү хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын 4-дивизонунун мыктыларын иргеп алуу оюндарына дээрлик кыргыздын жигиттери намыс талашпай, башка өлкөлөрдүн жалдама оюнчулары Кыргызстандын тандалма командасынын курамына кошулганына жергиликтүү хоккейчилер жана спорт күйөрмандары нааразы. Мына ушундай жалдама оюнчулардын айынан былтыр Бириккен Араб Эмираттарында өткөн хоккей боюнча Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарында калыстар  Кыргызстандын курама командасынын мурдагы төрт беттеште жеңиштерин  жокко чыгарып, мелдештен четтетилгени сабак болушу керек эле.

Өткөндөн сабак алалы, жалдама оюнчулардан жабыр тартпайлы Ошондуктан кыргыз хоккейчилери, спорт ардагерлер нааразы болушуп, Бишкекте өтө турган мелдеште кыргызстандык жигиттер тандалма команданын катарында ойноп, өлкө намысын коргоону талап кылышып, Жогорку Кеңештин айрым депутаттарына, спорт коомчулугуна, жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуу жөнөтүп, тынсызданып, кабатыр болуп турушат.

Себеби март айынын башында Кыргызстандын хоккей боюнча тандалма командасы дүйнө чемпионатынын төртүнчү дивизионунда мыктыларды иргеп алуу беттешүүлөрүндө ойнойт. Муну айрымдар Бишкекте дүйнө чемпионатынын оюндары өтөт деп көбүртүп, дүйнөлүк таймашуулар болчудай дүңүрөтүп жатат. Бул шайба хоккейи боюнча дүйнө чемпионаты эмес. Ал деңгээлге жетмек кайда. Болгону дүйнө чемпионатынын эң төмөнкү 4-дивизионунун мыктыларын иргеп алуучу топтун оюндары. Эл аралык хоккей федерациясы былтыр Бириккен Араб Эмираттарындагы Кыргызстандын 3-дивизионго тандоо оюндарындагы беш жеңишин кайтарып берүүнүн ордуна ушундай чечим кабыл алган. Мелдеш 3-4-мартта Бишкек шаарында өтөт. Мында Малайзия, Кувейт, Филиппин жана Кыргызстандын тандалма командалары мөрөй талашат. Бул топто биринчи орунду ээлеген өлкө дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунда ойноого укук алат. Хоккей федерациясынын жетекчилеринин айтымында Кыргызстандын тандалма командасын орусиялык адистер Михаил Чеканов менен Дмитрий Полянчиков баштаган машыктыруучулар даярдап жатышат. Кыргызстандын учурдагы тандалма командасынын катарында ондон ашуун жалданма оюнчу бар.

Эсиңиздерде болсо керек, былтыр Дүйнө чемпионатынын 3-дивизионуна тандоо оюндарында Кыргызстандын тандалма командасы Кувейт, Таиланд, Босния менен Герцеговина, Бириккен Араб Эмираттары жана Гонконгдун командалары менен ойноп, аларды дээрлик жалданма оюнчулардын жардамы менен жеңип алган. БАЭнин командасы менен болгон акыркы беттешке чыгар алдында калыстар Кыргызстандын курама командасында ойноп келген Александр Титовду «орус жарандыгы бар» деген негизде оюндан четтеткен.

Титовсуз ойногон хоккейчилер БАЭни 7:4 эсебинде жеңгенине карабастан Кыргызстандын бардык оюндарын Эл аралык хоккей федерациясы жокко чыгарып, 3-дивизионго жолдомо берилбей калган эле. Буга БАЭ командасынын жетекчилигинин арызы себеп болгон. Эгер оюндардын жыйынтыгы кайтарылганда, Кыргызстан үчүнчү дивизиондо ойноого укук алмак.

Бирок хоккей ардагери, спорт чебери Алмамбет Кулчунов төртүнчү дивизиондо ойного уруксат берилиши Кыргызстан үчүн жеңил жаза экенин белгиледи: -Биздин өлкөнү дисквалификация кылбаганы утуш болду. Эң коркунучтуусу ушул болчу. Эгерде катуу жаза колдонсо анда бир канча жылдар мурун Кыргызстанды көп жылга дисквалификация кылып салышкан. Азыр эч кандай айыппул да салынбай жеңил жаза болду. Эл аралык хоккей федерациясы минтип төртүнчү дивизионду түзүп койду. Жашырган болбойт, төртүнчү дивизион болгондуктан биз деңгээли эң төмөн командалардын арасында калдык. Бирок эми дагы орусиялык, казакстандык жалданма оюнчулардын айынан дагы кыргыз хоккейи жабыр тартып калышы ыктымал. Былтыркыдан сабак алышыбыз керек. Бишкектеги мелдеште Малайзия, Кувейт, Филиппин командалары жалданма оюнчуларыбыз үчүн дагы арыз жазбайт деп ким кепил боло алат,- дейт Алмамбет Кулчунов .

Азияда таанылууга негиз бар

Чынында Кыргызстандын жаратылыш шарты хоккей баштаган спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу. Каракол, Нарын шаарларында, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облусттарынын айрым айылдарда хоккей оюну кайрадан жандана баштады. 2011-жылы 7-кышкы Азия оюндары Казакстандын Астана жана Алматы шаарларында өтүп, Кыргызстандын шайба жана топ хоккей боюнча тандалма командалары алгач ирет катышкан. Чынында Азия өлкөлөрүнөн Кытай, Корея, Жапония, Казакстанда гана хоккей өнүккөн. Аларга теңелүү кыйын. Ошондуктан өнүгүп келаткан өлкөлөрдү экинчи Лигага бөлүп, мында Кыргызстандын шайба хоккей командасы бардык атаандаштарын: Таиланд, Монголия, Бахрейн, Малайзия, Кувейт жана Бириккен Араб Эмираттары өлкөлөрүн утуп, кичи алтын байгенин ээси болгон. Бирок бул кичи алтын медаль байге эсебине кошулбайт. Ал эми топ менен ойногон хоккей мелдештерине Азия аймагынан үч гана команда: Казакстан, Монголия жана Кыргызстан катышып,  кыргыз хоккейчилерине утулса дагы коло медалдар ыйгарылып, бул байге эсепке алынган.

Убагында Нарын облусу боюнча “мыкты хоккейчи” аталган ошол учурдагы “Дордой – Ала -Тоо” командасынын чабуулчусу Султан Токоев кышкы Азия оюндарына катышуу менен чеберчилик жогорулап, бул оюндун кереметин сезип келгенин жашырган эмес эле.

– Биз бала кезде “Алтын шайба” мелдештери өтүп турчу. Атүгүл Орусияда өткөн биринчиликке да нарындык балдар катышып келгенбиз. Кыргыз хоккейин өнүктүрүү мезгил талабы. Ар жыл сайын Чаектеги мелдешке ардагерлердин командасын баштап барып, жаш кезди бир эскерип, жыргап калабыз. 2011-жылы Казакстанда өткөн кышкы Азия оюндарына өлкөнүн тандалма командасы катышкандан бери бул оюнга болгон кызыгуу артып, жигиттерде ишеним жаралып келаткан. Бирок кийинки мезгилде Кыргызстандын тандалма командасынын катарында жалдама оюнчулар көбөйүп, жөндөмдүү кыргыз жигиттери негизги беттешүүлөргө чыкпай, деми сууп калганы өкүндүрөт.

Нарын – кыргыз хоккейинин башаты

Кыргыз хоккейи Нарын тараптан чыйыр алган дешет спорт адистери. Эми көп айлар бою аппак кар мекендеген бул чөлкөмдө хоккей чыйыр албаганда каяктан алмак эле? Совет заманында идеологиянын күчү менен балдар жапатырмак үй бетин көрбөй көчөлөрдө, суу жээктегинде, сайларда таяк менен таш койгулап, улуулар, айрым апалар хоккей эмес эле "кокуй" турбайбы деген кез болгон.

Айылдык балдар теледен көргөн кумирлери – Харламов, Петров, Фетисов, Михайлов, Третьяктай болууга аракеттенишчү. Бирок алардын же кийими, же клюшкасы, же конькиси болсочу? Тал-теректин бутактарын, атурсун кашааларды талкалап, хоккей таягын жасашчу. Шайбанын ордуна желим менен оролуп бекитилген талдын жоон бутагынын же эски өтүктүн такасын тегерек кесиги колдонулган.

Бутка болсо калың кийиз чокоюна “снегурочка” конькисин кайыш менен бекем таңып алчу элек.

Кезинде Миң-Кушта хоккей ойногон маркум Такин Рысбектегин алгачкы темир дарбазаны тор менен жасап, кийин алар союздук мелдештерге чейин барышканын эскерип калаар эле…

Ал эми нарындык хоккейчи, учурда футбол боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Ниязбек Алиев бала кезинде бетке кийген беткапты зымдан токуп, калың бышык кийизден талуу жерлерге, тизеге, чыканактарга калканчтарды ойлоп тапкан.

Кийин хоккейге ылайыктуу кош миздүү бийик конькилер алынып келинип, спорт формасынын алгачкы түрү пайда болду. Албетте бул хоккейдин эң жөнөкөй түрү болчу. Ушинтип айылдык демилгечилер хоккейди муундан муунга улап келишкен. Хоккей таягы мурас катары атадан балага, улуу агасынан кичүүсүнө өтүп, хоккей ойноо салтка айланган.

Ошондой эле Кеминде, Кантта, Кара-Балтада, Караколдо, Алайда жана Фрунзе шаарында дагы совет доорунда хоккей ойнолуп, командалар болгонун да айта кетүү эп.

Шортон – эгемен өлкөнүн хоккей айдыңы

Жумгалда хоккейдин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизген дагы бир жагдай бар. Ал Чаектен бир нече чакырым аралыкта тоо боорунда жайгашкан Шортон көлү. Кышында 2 метрге чейин тоңгон табигый муз аянтчасы кыргыз хоккейинин айдыңы болду. Бирок кыргыз хоккейинин деми эгемендик жылдары сууп калган эле.

Эгемендиктин жетинчи жылында гана унутта калган хоккейи кайрадан жандана баштаган. Адегенде Нарында профессор Эркинбек Матыев атындагы фондунун демилгечилери дүйнөлүк хоккейдин легендалары орусиялык Вячеслав Фетисов жана канадалык Уэйн Гретцкинин атынан кыскартылган “Фети-Грет” спорт клубу түзүшкөн. Ошентип 2000-жылдан бери Жумгалда коомдук ишмер Эркинбек Матыевди эскерүүгө арналган хоккей мелдешин өткөрүү салтка айланып калган.

Хоккейдин жолу татаал, бирок кызыктуу

2007-жылы Кыргыз Республикасынын Хоккей федерациясынын түзүлүп, азыр ондон ашуун команда катталды. Федерациянын президенти болуп Токмок шаарынын экс- мэри Анвар Оморканов шайланган.

Мурдагы жылдары кыргыз хоккейчилери Орусия хоккей федерациясынын жетекчилери Вячеслав Третьяк менен Вячеслав Фетисовдун чакыруусу боюнча Москвага “Биринчи каналдын” кубогуна барып келишкен. Иш сапардын шарапаты менен Орусиянын хоккей федерациясы гана эмес, Швеция, Финляндия, Чехия тараптар менен кызматташуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Бирок ошол келишимдердин канчасы турмушка ашып, хоккейи өнүккөн өлкөлөрдөн канча көмөк алганыбыз жапма челектей жабык боюнча калып келүүдө. Келишимдердин канчасы ишке ашты? Анысы да белгисиз. Же ал келишимдер сөз жүзүндө эле калып калдыбы? Суроолор арбын, жооп жок. Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк хоккей федерациясына мүчө болуп, эл аралык мелдештерге жолу ачылган. Ал түгүл «Азия чакырык» кубогун Бишкек шаарында өткөрүп, демилгелүү иштердин башында турушту. Башында демилгелүү иштеген…

Мурдакы жылдары Бишкекке эл аралык Хоккей федерациясынын өкүлү Адам Уэйн Силлит жана Азияда бул спортту өнүктүрүү боюнча башкы адис Гаральд Спрингфилд келишкен эле. Алар спорт жетекчилери, жергиликтүү оюнчулар менен жолугуп, Эл аралык Хоккей федерациясы кыргызстандык машыктыруучуларды жана калыстарды атайын курстарга окутууга жардам беришерин Адам Силлит билдирди эле.

– Көп өлкөнү кыдырдым. Кыргызстанда хоккейге кызыккандар арбын экен. Бул абдан жакшы көрүнүш. Мындай демилгени эл аралык Хоккей федерациясы ар тараптан колдоого алат. Ошондуктан  машыктыруучуларды жана калыстарды окутууга, алар үчүн курстарды уюштурууга жардам беребиз. Бул оюнду өнүктүрүү үчүн биргелешкен долбоор түзүү зарыл,-деген эле Адам Силлит.

​​Ал эми Азияда хоккейди өнүктүрүү боюнча башкы адис Гаральд Спрингфилд  хоккей ойногонго зарыл болгон шаймандар менен камсыз кылууга аракет кыларын айтып, убада берген:

– Азияда хоккей өнүгүү жолунда турат. Бишкектеги муз аянты учур талабына жооп берет экен. Биз өлкөдөгү хоккейдин абалын билүү, талдоого алуу үчүн гана келдик. Келечекте биргелешкен долбоорлор аркылуу бул оюнду Кыргызстанда өнүктүрүүгө негиз бар экен. Аз убакыттын ичиндеги Кыргызстандын хоккей федерациясына зарыл болгон шаймандар менен камсыз кылууга аракет кылабыз,-деген эле Гаральд Спрингфилд.

Чынында буга чейин хоккейге тиешелүү деңгээлде көңүл бөлүнбөй келген. Эл аралык хоккей федерациясынын өкүлдөрү деле жарытылуу жардам берүүгө убада кылбай, жөн гана сунуштарды угуп кетишкен.

-Эл аралык хоккей федерациясынын өкүлдөрү кыргызстандык машыктыруучуларды жана калыстарды окутуу боюнча долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даяр экендигин билдиришкен. Бирок бул демилге деле ишке ашпай келатат. Бишкекте эл аралык талаптарга ылайык муз аянтын курууга жардам берүүгө же инвестор табууга убада кылышкан эмес. Эл аралык Хоккей федерациясынын өкүлдөрү Кыргызстанга спорттун бул түрүн эл арасында жайылтуу максатында жөн гана байкоочу болуп келген экен. Бирок алардан жардам болбогонун мезгил көрсөтүп, таразалап койду. Алар менен тыкыс кызматташып, долбоорлорду ишке ашыруу милдетин Кыргызстандын хоккей федерациясы моюнга алып, аткаруусу зарыл эле, – дейт Бишкектин «Арстан» командасынын президенти Солтобек Абдраев.
​​
– Мамлекет да хоккей спортуна көңүл буруусу зарыл. Жылдан жылга чеберчилик бир аз жогорулап баратат. Биздей ардагерлер жаштарга жол көрсөтүп, сабак болушубуз керек. Келечектүү жаштар да бар. Жалдама оюнчуларды алып келүү менен кыргыз жаштарынын шагын сындырбаш керек. Ошондой эле чеберчиликти жогорулатууну максат кылсак, Орусияда, Европада мигрант болуп жүргөн айрым кыргызстандыктардын уулдары деле хоккей командаларында ойноп жүрөт. Ошолорду алып келсек деле болот да , – дейт ардагер хоккейчи Чынарбек Бейшенбеков .
​​
Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар (18 жашка чейинки) курама командасына 2020-жылы Люксембургда өтө турган дүйнө чемпионатына катышууга жана улуттук тандалма командага 2022-жылы Бээжинде өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынын тандап алуу оюндарына катышууга да уруксат берилген. Ошондуктан кыргыз хоккейинин келечегине ишеним артып, командалардын
чеберчилигин жогорулатууга арызтан кам көрүү зарыл.

Жакында эле Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда кыздар хоккей команда түзүп, ойноп жатышканын жалпыга маалымдоо каражаттарнынан окуп, ичим жылып, сүйүнүп калдым. Коңшу Казакстандын кыз-келиндер командалары эл аралык аренага таанылып, кышкы олимпиадалык оюндарга катышып жүрөт. Алардан үлгү, өрнөк алууга, тажрыйбасын үйрөнүүгө убакыт жеткен.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *