Кыргыздар тажиктерге Каратегин чөлкөмүн берип, мамлекет куруп алууга мүмкүнчүлүк берген

Кыргызстанда чек ара маселеси Акаев-Бакиев доорунан бери эле өтө талаштуу, чырлуу маселелердин бири болуп келатат. Бирок, анын өзөгү тээ мурда СССР мамлекети курулуп баштаган өткөн кылымдын 20-жылдарына барып такалат.

1918-жылы Октябрь революция жеңип, мурдагы Орусия империясына кирген элдердин бактысына Ленин башында турган жаңы СССРдеген мамлекет түптөлө баштаган. Ленин өлгөндөн кийин, 1924-жылы анын мураскору И. Сталин бул ишти улап, мурдагы Орус империясына кирген элдердин баарына өз мамлекеттүүлүгун курууга уруксат берген.

Орто Азияда кыргыз, өзбек, казак, түркмөн, тажиктер өз мамлекеттүүлүгүнө ээ болгон. Ошол кезде чек ара маселесин бөлүштүрүү боюнча ар бир мамлекет өзүнчө комиссия түзүп, жерлер бөлүштүрүлгөн. Орусия империясы учурунда Орто Азия Түркстан генерал-губернаторлугуна карап, ага Жети-Суу, Самарканд, Фергана, Олуя-Ата болуп төрт област кирген. Бирок, бул областтардын биринде да кыргыздар саны боюнча көптүктү түзө алган эмес. Кыргыздардын өзүнчө саясий-административдик борбору жок болгон. Бул 20-жылдардагы кыргыздардын өз улуттук мамлекеттүүлүгүн курууга чоң тоскоолдуктарды түзгөн. Ошондуктан, А. Сыдыковдун өзүнчө Тоолуу автономиялык областын түзүү идеясы өтө манилүү болгон. А. Сыдыков, Ю. Абдрахманов, И. Арабаевдер бул маселени тынбай көтөрүп жатып, 1924-жылы Кара кыргыз Автономиялуу областы түзүлгөн.

Орто Азия элдеринин улуттук мамлекеттүүлүккө ээ болуусу менен чек араларды аныктоо, жерлерди бөлүштүрүү маселеси келип чыккан. Ошол кездеги Түркстан Советтик Социалисттик Автономиялык (Өзбекстан) Республикасы өзүнүн көптөгөн жерлеринен ажырап калбас үчүн, кыргыздар менен тажиктердин өзүнчө бөлүнүп, түтүн булатып кетүүсүн каалаган эмес. Ошого борбору азыркы Жалал-Абад шаары болгон Кара кыргыз жана кара калпак автономиялуу республикасынын курулушу колдоого алынбай калган. Кыргыздар өз областына ээ болгондон кийин тажиктерге да мамлекет берүү мезгил талабына ылайык болгон. Ошого кыргыздар жана башкалар өз ара бири-бирин түшүнүп, айрым жерлеринен баш тартууга мажбур болушкан. Тажикстанды карасаңыз үч чоң бөлүктөн турат. Биринчиси, Тоолуу Карабак, Каратегин жана Дүйшөнбү. Эгерде, кыргыздар Тажикстандын Каратегин өрөөнүндөгү кыргыздарды да өз мамлекетине кошобуз деп туруп алса, анда Сартия Республикасы (болжонгон аты) түзүлбөй деле калышы мүмкүн болгон. Себеби, анда Тажикстан Толуу Бадахшан автоном облусу менен бирикпей калмак. Өз улуттук мамлекеттүүлүгүнө жетиши үчүн, аны бекемдеп калуу үчүн кыргыздар кара калпактар менен бирикпей калганы аз келгенсип, кыргыздардын көпчүлүк бөлүгү да Өзбекстандын территориясында кала берген.

Ошол кезде, жерлерди бөлүштүрүү үчүн кыргыз, өзбек, казак, түркмөн, тажик тараптардан турган атайы улуттук комиссия түзүлүп, ошол комиссия жерлерди аныктап, бөлүштүрүп чыккан. Албетте, бул маселелер ошол кезде эле жогор жактын көзөмөлүндө жүргөн. Ошентип, Орто Азияда чек ара маселеси жана жер бөлүштүрүү проблемалары чечилген. Мына эми арадан канча жылдар өтсө дагы бул маселе чоң талаштарды жаратып келет.

Кыргызстан менен Тажикстандын, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара талаштарынын негизги себептери Кыргызстандын анклавдары болгон Ворух, Сох, Шахимардандын элинин демографиялык өсүүнүн негизинде жылдан жылга көбөйүп жатышы да себепкер. Анклавда жер калбай калып, булар Кыргызстандын территориясына кирип, ал жакка үй-жай куруп алууга аракеттенип келишет. Анан калса, чек ара сызыгы катары бир жерде арык колдонулса, экинчи бир жерде кадимки эле унаа жолун экиге бөлүп коюшкан. Башкача айтканда, жер бөлүштүрүү жана чек ара сызыгын өткөрүү маселеси өтө сабатсыз чечилгени көрүнүп турат. Илгери, Кыргызстан Каратегиндей чоң районду кечип берип, коңшуларга да мамлекет куруп алууга мүмкүнчүлүк берип жатканда, анклав маселелери да бирге чогуу каралган эмес. Албетте, булардын айрымдары кийинчерээк пайда болгон. Бирок, ошондо да Кыргызстан анклавы бар өлкө болбой калууга аракет кылууга толгон-токой мүмкүнчүлүктөр бар эле да. Албетте, бул маселелер СССР учурунда анча маанилүү эмес болгон. Себеби, СССР бир мамлекет, ал эми анын эли бир эл катары кабылданган.

Бирок, СССР жоюлгандан бери, бул чек ара маселеси өтө чатактуу проблемалардын бирине айланды. Акыркы жылдары чек арадагы чырлар сөзсүз атышуу менен бүтүп, эки тараптан тең жаш аскерлердин, граждандардын окко учушу менен аяктап, трагедиялуу бүтүп жатат. Чек ара маселелери ыраматылык И. Каримовдун мезгилинде өтө курч болчу. Эки тарап бул проблеманы дегеле чече албагандай туюлчу. Анан калса, бул проблеманы А. Атамбаев да өтө курчутуп жиберген учуру болгон. И. Каримов менен тил табыша албай, өзүнүн тез өзгөрүп турган чатак мүнөзү менен маселени курчутуп жиберген.

Ошондуктан Президент С. Жээнбеков бийликке келгендин алгачкы күндөрунөн тартып эле коңшу өлкөлөр ортосундагы алаканы оңдоого киришти. Коңшулар менен жылуу мамиледе болуу маанилүү экенин айтып, алгылыктуу аракеттерди көрдү. Бүгүнкү күндө Кыргызстан коңшу Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан менен да жакшы мамиледе. Ошондон улам, бул өлкөлөр ортосунда жогорку деңгээлде чек ара маселелерин чечүүдө бири-бирине ниеттери түз. С. Жээнбеков менен Э. Рахмонов эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн боордош элдери канагаттангандай кылып, чек араны эч талашсыз аныктап, тилкелерин тактап, бул маселени биротоло чечүү ниеттери бар экенин көрсөтүшүүдө. Эки тарап тең чек ара маселесин чечип алууга ниеттенишүүдө.

Бирок, жер-жерлерде жергиликтүү деңгээлде проблемалар болуп жатат. Ошонун  негизинде чек арага жакын жайгашкан участкаларда дайыма конфликт келип чыгып жатат. Себеби, эки тарап тең талаштуу жерлерди биздики деп жатат. Бири-бирин контролдоп жатышат. Бир тарап жол, үй курса, арык алып өтсө да талаш чыгууда. Бул чек арага жакын участкаларда дайыма болуп келген проблемаларга кирет. Бирок, ошондой болсо да, аны жоюунун, азайтуунун жолдорун издөө керек.

Менимче, бүгүнкү күндө чек ара маселесинде бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзүү зарыл. Биринчиден, талаштардын санын болушунча алдын алып, аларды азайтуу өтө маанилүү. Экинчиден бул иште кыргыз тарап тарыхка кайрылганы оң. Биздин коңшуларга 20-жылдары кыргыз тарап тажик эли да өз мамлекетине ээ болуп калсын деп, Каратегин чөлкөмүн кара кыргыз областына киргизүүдөн баш тарткан. Ал эми 90-жылдардагы Тажикстандагы граждандык согушта 100 миңдеген тажиктерди Кыргызстан өзүнө батырып, аларга жардам берген. Бул мамилелерди пропагандалоо керек. Экинчиден, эки тараптын жергиликтүү бийликтери, айыл өкмөттөрү бири-бирине дайыма өткөрүлө турган иш чаралар жөнүндө маалымдап турушу керек. Ал эми айыл өкмөттөр өз учурунда жергиликтүү элдерди маалымдашы шарт. Үчүнчүдөн, талаштуу участкаларда атуучу куралдарды колдонбоо тууралуу эки жактуу келишимдерге жетишуү керек. Менимче, бул жерде конфликттик зонага кирип, эл менен иш алып баруучу аскердик топтордун түзүлүшү орундуу. БУУнун көк каскалары болбосо да, атайы конфликттерди жөнгө салуучу топтордун болуусу абзел деп ойлойм. Эки өлкөнүн аскердик топтору конфликт болгон жерге куралсыз келип, элдерди тынчтандырууга аракет кылып, аларды бири-бири менен чабышып кетпегендей кылып, алыс аралыкта кармап тургандары жакшы болмок. Муну менен окко учуп, каза болуп же жарадар болуп, жабыр тарткандардын санын азайтууга жетишсе болмок. Төртүнчүдөн, эки өлкөнүн чек арага чектеш райондорунда, шаарларында, анклавдарда жашаган элдер эки тилде сүйлөөсүн шарттоо абзел. Ошондо, чек арага жакын жашаган элдер арасында бири-бирине ишеним, сый-урмат пайда болот. Бул аймактарды атайы режимдеги зона деп таануу керек. Бешинчиден, эгер талаштуу жерлерге кандайдыр бир аскердик иш чаралар же аракеттер жүргүзүлө турган болсо, анда сөз жок экинчи жакты маалымдоо боюнча келип алууга жетишсе туура болот го деп ойлойм.

Алтынчыдан, чек ара маселелерин чечүү үчүн мыкты адистер тартылышы керек. Мисалы, Керкидан суу сактагычын Өзбекстан тарап Араван районундагы кыргыз жерине курган. Бул үчүн Өзбекстан тарап Керкидан суу сактагычы каптап калган жердин ордуна кыргыз тарапка 1041 гектар жерди берүүгө тийиш болгон. 1972-жылы Өзбекстан тарап Ош облусунун Араван районуна Фергана облусунун Кува районунан 628 гектар жерди берген. Калганы берилбей калган. 2017-жылы гана Өзбекстан тарап калган жерлерди берүүгө макул болгон. Бирок, Өзбекстан жерди алып жатканда СССР болчу, бүгүн рынок экономикасынын учуру. Ошондуктан, балким Кыргызстан Өзбекстан суу сактагыч курууга кетирген чыгымдарды төлөп, бош жерине эле ээлик кылып калуусу туура болмок. Ушундай бир жолдорду караштырып, оптималдуу түрдө Кыргызстандын кызыкчылыгында чечүүгө аракеттер болушу керек деп ойлойм. Чек ара маселесин чечүү өтө татаал. Ошого аны толук чечем деп ашыгуунун кажети жок. Балким, айрым участоктор кийинкиге деле жылып калышы мүмкүн. Шашылбоо абзел. Бирок, ошондой болсо да, негизги бөлүгүн толугу менен чечип алуу максатка ылайык болот.

Жетинчиден, Өкмөт токтом чыгарып, чек арадагы жерлерди, үйлөрдү башка өлкөнүн жарандарына сатууга тыюу салып коюш керек.

Табылды Акеров, тарых илимдеринин кандидаты, саясат таануучу

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *