Кыргыздын XIX кылымдагы ич ара бийлик, амал талашуу тарыхынан

1861-жылы бугу кыргыздарынын ага манабы, майор Качыбек Шералин дүйнөдөн кайтат. Орус акимчилиги анын ордуна бугу кыргыздарынын кичирээк тобунун өкүлүн дайындамакчы болот. Бир тууган Шералиндердин (Шералы бийдин уулдары) күйбөгөн жери күл болуп, генерал Колпаковскийге нааразылык билдиришет. Качыбектин уулу Алтыбасарды (ал Жантай Карабек уулунун күйө баласы да болгон) ага манаптыкка сунушташат. Орустун интригасына Балбай-баатыр да каршы чыгып, Колпаковскийге кат жазат.

Анда эмесе, оболу бир тууган Шералиндердин каты менен таанышып тургула. Балбай-баатырдын катын эртең жарыялайм.

Манаптар Ныша Шералы уулу, Йунус Шералы уулу жана Алгазы Шералы уулунун генерал Колпаковскийге жазган каты (1861-жыл, ноябрь)

“Улуу жүз казагыны жана да бугу кыргызыны бийлөөчү господин пристаф Калпакофски хазратларына!

Бугу тайпасынын манаптары Ныша Шералы уулунан, жана Йунус жана Алгазы Шералы уулдарынан көп-көп салам.
Хазратларыңыз жиберген катыңызды көрүп …. , инибиз Алтыбасар жашыраак кылар дегениңиз себептүү, кызмат даражасы Алтыбасарда болуп, ар убакыт хоззуруңузга барып турса, жашы улук агалары – биз да кызматыңызга даярбыз деген ниетибиз бар. Иншалла, бу бугуда биздин алдыбызга чыгып иш кыламын деген кыргыз болсо, Сиз урматтуунун алдында беттешип көрөлү. Биз түгүл, Балбай-баатырга чоңдук кыламын деген кыргыз болсо, анда да өз алдыңызда Балбай-баатыр менен беттешип көрүшсүн. Биз оболу кудайдан, андан соң Сиз урматтуудан кооптонобуз. Баары – бугу белектин он уулу. Ошол он уулунун аксакалы – Шапак. Ушу бугунун урааны да “Шапак”. Орус вилайетинде ураан барбы? Ал эмне? Өзүңүз ойлоп көрүңүз: машхур Шапактын уулу Шералыдан бери тамам элди кармап-[бийлеп] келген адамдарбыз. Кайыр, Сиз урматтуу зордук менен бирөөнү улук кылып койсоңуз, ылаажымыз не? Ошондо да биздин эмне күнөөбүз чыгып, падыша хазратларынан кызматтан калганыбызды жарыя этесиз. Өтүнүп калдык: ушу ак калпактуу кыргыздын багынып беришине биздин атабыз Шералы себеп болду эле. Ошол күндөн бүгүнгө чейин жан-денибиз менен кызмат кылып турганыбызда, биздин бул кызмат даражаларыбызды башкаларга ыйгарсаңыз, ошол койгон адамдарыңыз бизди баштап көрүшсүн. Биздин күнөөбүз – ак падышага кызмат кылабыз дегенибизде болсо, кудай кылган улуксуз ылаажыбыз канча? Ушу бугунун ичинде Шапактай боломун деген нечен-нечен элдер бар. Кудай кылбаган соң, боло албай жүрүшөт. Эми Сиз урматтуу белектин кичик балдарынан улук кыламын десеңиз, Муратаалыны койсоңуз, урааныбыз “Муратаалы!” деп, Зарыпбекти койсоңуз, урааныбызды “Зарыпбек!” деп кыйкырабызбы? Өзүңүзгө маалым, казактын урааны – “Аблай”. Машхур Аблайдан да артыгыраак кара-казак бар, ошондой болсо да төрөлөрдү Аблай балдарынан коюп жүрөсүз. Эми, биздин кыргыз атырабында “төрө” жок. Кудайга шүгүр, Аблай даражасындабыз. Бизге ишенбесеңиз, кыргыз мыйзамын билген казактардан сурап көрсөңүз. Айрыкча Сауруктан сурасаңыз, иншалла, ырасын айтаар. Лекин, хазратларыңыздан өтүнөбүз ки, ата-бабаларыбыздын кадимки жолун башка бирөөгө берип, чыдап тура албайбыз.
Көп жылдарга эсенчилик тилеп, [катты] жазуучу – Качыбектин кенже иниси Алгазы, мөөрүмдү бастым. Жана, Качыбек-баатырдын улук агасы Ныша-баатыр жана Йунус-баатырлар … үчүн колдорубузду койдук”.

Качыбек Шералиндин жана шериги Жакыпбек Ниязбек уулунун 1814-жылдын 25-июлунда койгон колдору.

Бир тууган Шералиндердин мөөрү жана бармагы басылган кат (1861-жыл, ноябрь).

Арслан Койчиев, тарыхчы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *