Кыргызга кылган кыянатчылык

 

Ааламдашуунун азыркыдай кооптуу учурунда ар бир улут, эл ага туруштук берип өз касиеттерин сактап калуу үчүн Чыңгыз Айтматовдой дүйнөлүк алкакка чыккан улуу ойчул, гуманист, жазуучу уулун улуттук белгилердин бирине айландырып, “кыргыз десе Чыңгызды, Чыңгыз десе кыргызды” таанып билип турганда Айтматовдун бир сөзүнчөлүк жок Мелис Арып-бек өңдүү камгактардын ага асылып жатышы мен үчүн түшүмө да кирбеген көрүнүштөй сезилет. Анын “Унаис” аттуу китеп сөрөйү менен болушунча жаманатты кылууга далбастаганы адамдык да, чыгармачылык жактан да эч бир эрежеге сыйбайт. Чөнтөккө батчу кандектин арстанга чыңкылдап үргөнүндөй эле болуп калыптыр. Эч бир аргументке, жол-жобого таянбаган бул асылуу азыр ар бир кыргыз жаранын кыжырдантып, ичиркентип ичиркейин келтирип турат. Өткөн кылымдын 50-жылдарынын аягында Айтматовдун “Обон” деген биринчи китебин жазданып алып окуп мекенди сүйүү, адамды сүйүү эмне экендигин аң-сезимибизге сиңирбедикпи. Андан да “Биринчи мугалим”, “Бетме-бет”, “Саманчынын жолу” чыгармаларын удаа-удаа окуп, мекенибиздин ыйыктыгын, адамдык сапаттын бийиктигин сезип жана ага карама-каршы келген терс жактарын да аңдап билдик. Булардын менин муунумдагы өспүрүмдөрдүн таалим тарбия алышына баа жеткис салымы бар. Ал эми Чыңгыз агабыздын кийинки чыгармалары улуттук чен өлчөмгө сыйбай, жалпы эле адамзатка тиешелүү учурдагы курч, олуттуу маселелерди көтөрүп чыккандыгы менен дүйнөнү дүңгүрөттү. Дүйнөнүн 150дөн ашык тилине которулуп, ошончо эл, улут анын чыгармаларын окуп, алар аркылуу бир тамчыдай болгон кыргыз элин таанып жатканда Мелис Арып-бекке окшогондордун тиш салып жатышы Чыңгызга гана эмес, жалпы кыргызга кылып жаткан кыянатчылык деп ойлойм. Улуу жазуучуга гана эмес, катардагы карапайым кишиге катуу айтуунун өзү адамдык сапатка сыйбай тургандыктан, Айтматовду ар кандай ыплас сөздөр менен жамандоо пастык гана эмес, адамдын өзүн, анын табиятын, касиетин түшүнбөгөн кеңкелестик дээр элем.

Мелис Арып-бек өзүнө “жазуучу катары” деп баа берүүнүн ордуна ошол Чыңгыз агабыздын бир сүйлөмүндөй сүйлөм жаза алса кана атаганат. Өгүнү КТРдин “Сармерден” берүүсүндө калыстар тобунда “акын, жазуучу” деп Мелис Арып-бектин олтурганын көрүп күлкүм келди. Андан да калыстарга сөз бергенде, эки жагында олтурган Эл акыны Г.Момунова менен Эл артисти Н.Таабалдиевалар биякта эле калып, Мелис Арып-бек сандырактаган ырын окуп жатканда кыжырымдын келгенин ай. Ушундай самозванецтер чыгармачылыкты тебелеп-тепсеп тамтыракайын чыгарып жатканы жалганбы? Айтматовду болушунча жамандап жатса Улуттук жазуучулар союзу, Айтматовду изилдеп, аны менен бирге Парижге чейин барган “айтматовед” Акматалиевдин үн катпай жаткандары түшүнүксүз.

Урматтуу кыргыз элим!  Жайсаңчылар “Манаска”, М.Арып-бек Чыңгызга жөнү жок көө шыбап булгап жатса ага чыдап карап турбастан, бул эки улуу дөөлөтүбүзгө шек келтирбестен сактап калалы. Кыргызды кыргыз кылып турган эки улуу белегибизди коргоп, колдоп жүрүү ар бир кыргыз жаранынын ыйык милдети!

Жума МАМБЕТОВ

СССР журналисттер союзунун 1971-жылдан берки мүчөсү

Булак: Фабула 

1 ой-пикир

  • кубат says:

    Менин оюмча Мелис Арыпбек деген неме улуту боюнча калмак. Жанагы жайсанчылардын бироосу бу дагы. Булар кыргыздын эки ыйыгы менен бийигин – Манас менен Чынгызды талкалоо ишин ийгиликтуу алып барышууда. Мындай ото коркунучтуу душмандарды кыргыз жергесинен кубалап чыгып, укум-тукумун да жолотпоо керек. Булардын максаты кыргыз улутунун тубуно жетуу. Ушул баштан коргонуп, чабуулга отуп, душманды сыртка суруп чыкпасак, кийин кеч болуп калат.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *