Кыргызгидромет: 19-апрелден 23-апрелге чейинки аба ырайы

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматка ылайык 2016-жылдын 19-апрелинен 23-апрелине чейин аба ырайы.
Бишкек шаарында 19-апрель күнү түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 20…22° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында 19-апрель күнү түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 20…22° жылуу болушу күтүлөт.
19-апрель күнү түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
20-21-апрель күнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, 21-апрель күнү айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын айрым жерлерде күтүлөт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
22-23-апрель күнү туруксуз аба-ырайы сакталып турат, айрым жерлерде жаан-чачын жаашы мүмкүн. Абанын температурасы бир аз жогорулошу күтүлөт.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *