Рашит Бостонов “Кыргызнефтегаз” ААКнын башкармасынын төрагасы болуп кайрадан дайындалды

Кечээ, 12-март күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарында “Кыргызнефтегаз” ишканасынын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү.

Жылдык чогулушка  Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов жана Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов катышты.

Бостонов Рашит Абдумаликович ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы болуп кайрадан шайланды. Ал бул кызматта 2017-жылдын май айынан бери иштеп келет.

Рашит Бостонов 2017-жылы ал кызматка келгенде ишкана банкрот болуу абалында турган. Ал эки жарым жыл аралыгында компаниянын мунай өндүрүү ылдамдыгын жогорулатып, ишкананын ишмердүүлүгүн жогорулаткан.

Каржылык жана чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча “Кыргызнефтегаз” ишканасы 2019-жылы 1 млдр 65 млн сом пайда тапкан.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *