Кыргызстан жолдорунун сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде Африкадан да артта калды

Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматына караганда, Кыргызстан жол сапаттары боюнча дүйнөлүк рейтингде 122-орунду ээлейт.

Маалыматка караганда, эң сапаттуу жолдор Араб Бириккен Эмиратында, Сингапурда, Швейцарияда, Гонконгдо жана Нидерландияда курулган.

Мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөр арасында Азербейжан, Литва, Эстониянын жолдору сапаттуу. Алар рейтингдин 36-37- 38-орунунда турушат.

Тажикстан 70-орунга туш болгон, Ар­мения 85-орунда. Россиянын жолдору 114- орунду алышкан, а Казакстан 115-орунда. Африкалык мамлекеттер Либерия – 111, Бу­рунди – 112, Бенин – 113-орунга жеткен. А Кыргызстан араң гана 122-орунга илешкен.

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *