Кыргызстан дүйнө рыногун кантип ээлейт?

Буга чейин айтылып жүргөндөй эле Кыргызстан дүйнө базарын өзүнүн таза экологиялык айыл чарба азыктары менен гана ээлей алат. Мындай пикирин “Евразия жумалыгы — 2019” эл аралык көргөзмө форумунун алкагында өткөн маалымат жыйында Евразиялык экономикалык комиссиянын соода боюнча министри Вероника Никишина айтып берди. ЕЭК өкүлүнүн айтымында, азыр Кыргызстан айыл чарба жана азык-түлүк тармагында атаандаштык жарата алат, бул багытта артыкчылыктары бар. “Мындай товарлар үчүн преференциалдык шарттарды алып жана сунуш кылабыз. Бул Кыргызстандын башка өлкөлөрдүн рыногуна чыгышы үчүн жасалып жатат. Биз Иран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда кыргыз өндүрүшчүлөрүнөн сунуштарды алдык. Буурчак түрүндөгү азыктар, койдун эти жана башка товарлардын преференциалдык режимде болушу айтылган”, — деди ал. Никишина кыргызстандыктар кошумча бааны коюуда өзүнүн ордун таап алышы керектигин айтты.

“Кошумча наркты коюудагы алкак сындуу системаны түзүүдө кыйын делген фабрикалар бар. Алар Азия жана Тынч океан аймагындагы өлкөлөрдө, америкалык, европалык рынокто кездешет. Тилекке каршы, Кыргызстан жана жалпы эле биримдик мындай алкактын ичинде али жаңы, башталыш деңгээлинде турат”, — деген Никишина.

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *