Кыргызстан экологиялык коопсуз энергияны пайдалана алабы?

Борбор Азиядагы суу башы эсептелген Кыргызстанда эгемендик жылдардан бери энергетика тармагы негедир бутка тура албай жатат. Мунун кесепетинен кайсыл бир жылдары өлкөдө “тезек термей” заманы орноп, жарыктандыруу, жылытуу деген көйгөйлөр көкөйүбүзгө көк таштай тийип, кыштактар эмес шаар жашоочулары чыракка көнө баштаган. Азыркы абалыбызды деле мактаарлык деп айта албайбыз. Кышкысын энергияны үнөмдөө үчүн шаар- кыштактарда  маал-маалы менен жарык өчүрүлүп тураары көнүмүш адатка айланган. Техниканын гүлдөгөн заманында, мындай жагдайлардын болушу уят. Эмне кылышыбыз керек?

Жаңы инновациялык ыкмалар менен шамал, топурак, күн энергиясын жана биогаз булактарын иштетүү дүйнөдө жакшы жолго коюлууда. Кыргызстанда күн энергиясын пайдаланып, андан жарык жана жылуулук алууга мүмкүндүгү бар батарейкаларды иштетүү көбөйүүдө. Бул биздеги электр энергиясына болгон тартыштыкты азайтууну камсыздап, үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдөөгө чоң өбөлгө түзүүдө. Тилекке каршы,  мындай кошумча булактарды колдонуунун реалдуу ишке ашпай жатышы, мамлекеттен камкордуктардын болбошу жеке түшүнүгүбүздө чоң гидроэнергетикадагы чыгып жаткан электр энергиясы  арзан болуп, элдердин энергияга болгон муктаждыгы азайып, ГЭСтердин тагдыры талкаланды абалга келип калабы деген өкмөттүк түшүнүк барбы(?) деген ойго келесиң. Болбосо экологиялык жактан таза болгон шамалдан, күндөн, топурактан, биогаздан энергия алуу шарттары  мамлекет тарабынан колдооого алынып, инвестициянын булактары бул жактарга эмнеге тартылбайт? “Мындай жол менен энергия алуу кымбатка турат”- деген кыска түшүнүк, мамлекеттин эртеңкисине кенен көз чаптырып, заман талабына шайкеш жашоо образын ачыктабагандар үчүн “жомок” болушу мүмкүн. Бирок, дүйнөнүн теңи мына ушул булактардан энергия өндүрүү менен жолго түшүшү бизге мисал болушу керек.

Кыргызстанда азырынча электр кубаты менен жылытуу маселесиндеги үнөмдөө шарттары акыркы кездерде акылдуу эсептегичтерди ойлоп тапканы менен айрымаланбаса, кыйла жылдан бери калк жонунан кайыш тилүү же тарифтердин ыксыз жогорулашы менен белгилүү. Күндүн энергиясын пайдалануу биздин өлкөдө деле ийгиликтүү ишке ашкан болчу.  Мисалы, Ош аймагында  салынган мектептин бири күн энергиясы аркылуу жылытуу ыкмасы менен курулуп ишке берилген. Жыйынтыгында, кыштагы көнүмүш өчүрүүлөрдө үч күн бою электр жарыгы жок мектеп +20 градусту кармап, балдардын окуусу үзгүлтүккө учураган эмес. Ушундай эле көлөмдөгү башка мектептер жылытууга жылына 3 млн. сом керектесе, аталган мектеп салыштырмалуу 600 миң сом чыгымдап, өз казынасына оңбогондой акчаны сактап калган. Бул ыкмаларга туташ өтүп кетүү жакынкы күндөрдө ишке ашпай турган кыял дегендер да четтен чыгаар. Ошентсе да, ар бир максат-тилектерди өзүбүздөн баштап, анын өтөөсүнө чыгууга аракетибизди көрүшүбүз заман талабы. Адам баласы акыл-эстүү болуп калыптангандан тарта аз күч жумшап- көп жумуш аткарууга, аз энергия сарптап чоң иштерди бүтүрүүнү самап келет.

Түгөнгүс энергиянын кубаты Кыргызстанда жогору

Кыргызстанда коопсуз жана түгөнгүс энергияны өздөштүрүүгө толук шарттар бар. Алар күндөн, суудан, абадан, топурактан алынуучу энергиялар. Кыргызстандын, өзгөчө бийиктиктеги күн энергиясы боюнча техникалык потенциалы жакшы экендигин адистер айтышканы менен калыбына келүүчү энергия ресурстары – шамал, биомасса жана гидроэнергия болуп саналат. Кыргызстандагы биомасса ресурстары алыскы айыл жерлерине энергия жеткирүүнүн ишенимдүүлүгүнө жана жакырчылыкты жоюуга олуттуу салым кошоору адистер тарабынан аныкталган нерсе.

Адистердин маалыматына таянсак, Кыргызстандагы  шамалдын болжолдуу эсептелген орточо потенциалы – 1,500 мВт. Биомасса энергиясынын потенциалы – болжолдуу эсептегенде мунай эквивалентинде 286 млн. тонна жана 12 000 тераджоуль. Кыргыз дарыяларында 172 мВттык чакан жана орто гидроэлектростанциялар аныкталган. Ошондой эле Кыргызстандын гидроэлектростанцияларды жана калыбына келүүчү энергияны өнүктүрүүгө потенциалы кыйла бир топ. Гидроэлектр кубатынын потенциалы – жылына 140 млрд. кВт/саат. Чакан гидро долбоорлордун потенциалы 1600 мВт деп болжолдуу эсептелген. Бул жылына 5-6 млрд. кВт/саатка жакын болот. Төмөн температурадагы геотермалдык энергия потенциалы – болжол менен жылына 600 млн гигаджоуль.

Негизги булактар

Күн энергиясы-энергия берүүчү негизги булак.  Энергия бүтүндөй жер шарына нурлары аркылуу жайылып, дүйнөдөгү энергия керектөөчүлөрдүн талабын 10 000га жогорулатат.

Күн 1 секундга жетпеген убакыт ичинде  эсепсиз миллиардаган  нурлуу энергияны бөлүп чыгара алат. Дүйнөнүн  30дан ашык өлкөсүндө күндүн энергиясын өздөштүрүү жолго коюлган.

Күн энергиясы жерде 1.000 ваттка барабар

Аба-ырайы
Ачык-асман Ала булут каптоо Кун агарып араң көрүнүшү Кышкы бүркөк күндө
1.000 Вт/кв.м 600 Вт/кв.м 300 Вт/кв. м 100 Вт/кв.м

 

 

Шамал энергиясын- пайдалануу  менен электр кубатын алуу  замандын негизги талабы болууда. Дүйнөдөгү көп мамлекеттердин ичинен Дания, Германия, Великобритания, Нидерландия, АКШ, Индия жана Кытайда бул маселе жакшы жолго коюлган.

Данияда пайдаланылган энергиянын 25 пайызын  шамалдын энергиясын  пайдаланышат. Эң кичине көлөмдөгү турбиналар 500ватт. энергия иштеп чыгара алат. Аны менен үйдүн жарымын жарык менен камсыз кылып, сыналгы көрүүгө болот. Ал эми эң жогорку кубаттагылары анча-мынча шаарчаларды камсыздайт.

Геотермалдык энергия-бул  жерден энергия алуу. Жер кыртышынан жылуулук алуу менен жылуулук алмашуу аркылуу энергияны өндүрүү болуп саналат. Мындай энергия алуу Түркияда жакшы жолго коюлуп, Түркиянын жаңыланган энергия булактарынын үлүшүн 30 пайызга жогорулата алган.

Түркиянын геотермалдык булактардан алган кубаттуулугу 2014-жылдын акырынан баштап 405 мегаватт деңгээлинде болсо, 2015-жылдын тарта 615 мегаваттка жогорулаган. Бардыгы 72 миң 455 мегаватт болгон кубаттуулуктун 0,8 пайызы геотермалдык булактардан алынат. Учурда1407 электр өндүрүү станциясы болсо 21и геотермалдык суулар менен иштейт. Кен табуу жана изилдөө борборунун көрсөткүчтөрүнө караганда, Түркиядагы геотермалдык энергия потенция 31 миң 500 мегаватты түзөт.

Европалык атайын комиссиянын берген баяндоолоруна карасак, 2020-жылы Евро биримдигине кирген өлкөлөрдө соолугус энергияны өндүрүү үчүн  2,8 млн. жумушчулар тартылаары айтылат. Бул ички өндүрүмдүүлүктүн сапатын 1,1 га жогорулатат.

Каалоо болсо, каражат табылат

БУУнун 2008-жылы берген маалыматтарына таянсак, бүткүл дүйнө боюнча альтернативалык энергия берүүчү булактарга 140 млрд. доллар инвестиция тартылса, нефть жана көмүр үчүн 110 млрд. доллар сарпталган. Андан бери бул көрсөткүч жакшы эле көбөйсө керек. Бул-соолугус энергия алууну өздөштүрүү дүйнөдө активдешүүдө дегенди билдирет.Ошол эле жылы дүйнө боюнча шамал энергетикасына 51,8 млрд.,күн энергетикасына 33,5 млрд., био күйүүчү заттарга 16,9 млрд. доллар жумшалган. Дүйнөдө  альтернативалык энергетика үчүн бай мамлекеттер инвестиция багытында эсеби жок акчаларды жумшагандыгы белгилүү. Маселен, Америка 30 млрд, Кытай 15,6 млрд., Индия 4,1 млрд. доллар сарптаганга жетишкен. Мындай акча булактарынан Кыргызстан эмнеге куру жалак калыш керек? Дүйнөдө берилип жаткан ири суммадагы мындай инвестициялар биздин өлкөдө Европа Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкы (ЕРӨБ),Европа Инвестиция Банкы (ЕИБ),Евразия Өнүктүрүү Банкы (ЕӨБ),  Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ), АКШ Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID), Дүйнөлүк Банк сыяктуу корлор донордук максатта иш жүргүзүп келсе, алардын акча берүү шарттарынын багыты энергиянын үзүрүн арттырууга , калыбына келүүчү күн энергиясын, шамал энергиясын жана биомасса сыяктуу тармактарды көтөрүүгө болгон проектилерге  акча салышаары белгилүү. Жакында «Бай Түшүм» Банкы  Түркиянын альтернативалык энергияны өздөштүрүү  ыкмалары менен таанышып, тажрыйба алмашуу иш аракетерин жүргүздү. Банк мындай ыкмаларды Кыргызстандын аймагында ишке ашырса болооруна ишенишет. Демек, атайын мындай долбоорлорго акча салуунун жолдорун да карашат. Кыргызстан түгөнгүс энергияны өндүрүүдөгү өзүнүн потенциалын ушул шарттар менен пайдаланбагандыгы кызык.

Булак: “Алиби”

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *