Кыргызстан менен Казакстан Жол картасына кол коюшту, бүгүн түндө чек ара ачылат

Бүгүн, 2-декабрда Астанада Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы экономикалык кызматташуу боюнча Жол картасына кол коюлуп, 2-декабрдан 3-декабрга караган түнү, саат 00.00.дө кыргыз-казак чек арасы толугу менен ачыла турган болду. Бул тууралу Казакстандын tengrinews.kz маалымат агенттиги билдирди.

Жол картасына Казакстан тараптан казак өкмөтүнүн Биринчи вице-премери Аскар Мамин, ал эми биз тараптан КР вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов кол коюшкан.

Жол картасында 50 иш чаралар бекитилип, кыргыз тарап анын баарын кынтыксыз аткарууга милдеттенме алды.

Эми казак чек арачылары кыргыз-казак чек арасын күчөтүлгөн режимде кайтарууну кадимки режимге алмаштырат.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *