Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы саясий мекемелеринин башчылары ЕС-БА тышкы иштер министрлеринин 15-Жолугушуусунун алкагында жолугушту

Бүгүн, 7-июлда «Европа Союзу + Борбордук Азия» тышкы иштер министрлеринин Кеңешмесинин алкагында  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирет.

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгын өнүктүрүүнүн  актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты жана эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуусун уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн чек арага жанаша  аймактарында ынак коңшулукту жана туруктуулукту колдоо үчүн зарыл чараларды кабыл алууга өзгөчө басым жасалды.

Ч.Айдарбеков менен С.Мухриддин ушул жылдын 6-июлунда Тажикстан Республикасынын Исфара шаарында аяктаган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун сүйлөшүүлөрү жакшы ургаалдуу динамикага ээ болду деген бирдиктүү пикирге келишти.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *