Кыргызстан мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча 111-орунду ээледи

Ирландиялык “Ookla” компаниясынын “Speedtest.net” сервиси “Speedtest Global index” дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдө мобилдик жана зымдуу интернеттин ылдамдыгын текшерген изилдөө жүргүзгөн. Анда 2019-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан мобилдик интернет боюнча 111-орунду ээледи.

Бул сурамжылоодо Борбор Азия өлкөлөрүнөн эң ылдам интернет Казакстанда экени белгилүү болду. Казакстан 85-орунда. Кыргызстан 111-орун менен экинчиде. Өзбекстан 129-орунда болсо, Тажикстан 137-де. Ал эми зымдуу интернеттин ылдамдыгы боюнча Кыргызстан 92 орунда. Ал эми Казакстан 61, Тажикстан 113, Өзбекстан 131-орунду ээлеген.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *