Кыргызстан сулуусу – 2019

12-октябрда “Кыргызстан сулуусу-2019”  сынагынын финалдык бөлүгү жыйынтыкталды. Финалда 17 сулуу таажы үчүн ат салышкан. Сулуулар сынагында 21 жаштагы Нарындык Айжан Чаначева жеңишке жетишип, ушул жылдын 14-декабрында Лондондо өтө турган “Дүйнө сулуусу-2019” сынагына катышууга жолдомо алды. Жеңүүчүгө таажыны “Кыргызстан сулуусу-2018” сынагынын жеңүүчүсү Эльмара Буранова кийгизди.

Сулуулар тууралуу

Айжан Чаначева Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинин 1-курсунун студенти. Ал англис, испан жана түрк тилдерин билет.

“Биринчи вице-сулуу” наамына Талас облусунун өкүлү – 18 жаштагы Саадат Курманбекова ээ болду.

“Экинчи вице-сулуу” наамын Ысык-Көл облусунан келген 18 жаштагы Айганыш Кубанычбекова ээледи.

“Спорт сулуусу” наамы Баткен облусунун катышуучусу 18 жаштагы Алина Осмоновага ыйгарылды.

Бишкек шаарынын өкүлү 19 жаштагы Ангелина Гаранина “ОКО сулуусу” наамына ээ болду. Ангелина Гаранина ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Тагыраагы оң буту протез.

Калыстар

Быйыл калыстар тобу жети кишиден турду. Алардын ичинде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маалымат, коммуникация департаментинин өкүлү да болду. Калыстар тобунун башка мүчөлөрү туурасында маалымат коомчулукка айтылган эмес. Бул жең ичинен сүйлөшүп алууну болтурбоо, адилеттүүлүктү сактоо максатында жасалган.

Жеңүүчүлөрдүн сыйлыктары

Чүрөк деп тандалган кыз “Дүйнө сулуусу” сынагына катышууга жолдомо алып, андан сырткары, рубин чөгөрүлүп жасалган алтын таажыга жана 100 миң сомго ээ болду. Уюштуруучулардын билдирүусү боюнча, таажыны жасоого күмүш, алтын жана кызыл түстөгү таш колдонулган. Аны жасоодо кыргыз элинин баалуулуктарына дагы көңүл бурулду. Таажынын болжолдуу баасы — 5 миң доллар. Ал эми таажынын автору — зергер Рашид Шадыканов. Ошону менен катар жеңүүчүлөр баалуу белектерге ээ болуп, эл аралык сулуулук сынактарга жолдомо алышты. Ал эми байгелүү орундарга илингендерге Түркия менен БАЭге путёвкалар, акчалай каражат жана баалуу белектер ыйгарылды.

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *