Кыргызстан таза суу жаатында ири ийгиликтерге жетишүүдө

Баарыбызга маалым болгондой, Кыргызстандын негизги маселелеринин бири калкты таза суу менен камсыз кылуу. Өлкө бул көйгөйдү 2024-жылы толугу менен чечүүнү көздөп жатат. Президентибиз быйыл май айында жакшы жаңылыктары менен бөлүшүп: «Таза суу – бул элибиздин ден соолугу. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык жыл сайын 30 миңге жакын ичеги-карын оорулары катталат. А катталбай калганы канча? Ичүүчү суу аркылуу жуга турган ооруларга каршы күрөш өлкөнү жыл сайын 4,8 млрд. сомдон ашык чыгымга алып келет. Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн, биринчи кезекте калктуу конуштарда таза суу маселесин чечүү керек.

Жогорудагы айтылган акча каражатын унөмдөп, өнүгүү иштерине багыттасак бодот. Таза суу маселесин чечпей туруп, туризмди, жалпы эле экономикабызды өнүктүрүү кыйынга турат. Былтыр 653 муктаж болгон айылдан 25 айыл республикалык бюджеттин эсебинен жана 17 айыл эл аралык финансы институттардын жардамы аркылуу таза суу менен камсыз болду. Жакынкы беш жылдын ичинде өлкөбүздүн 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары реабилитациядан өткөрүлөт. Таза суу курулмалары жок 309 айылда аларды жаңыдан куруу пландаштырылды. Бул маселени чечүүдө Эл аралык институттардын колдоосунан тышкары республикалык бюджеттин эсебинен да акча каражаттары каралууда. Эгерде 2014 – жылы таза суу маселесин чечүүгө республикалык бюджеттен 25 млн сом акча каражаты ажыратылган болсо, 2018-жылы таза суу секторуна 250 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Эми бул сумманы дагы көбөйтүп, 500 млн. сомго жеткирүү каралып жатат» – деп айткан.

Жакында элди таза суу менен камсыз кылуу маселесин президент өз көзөмөлүнө аларын билдирип, ичүүчү сууга болгон тарифти реформалоо керектигин айтты. «Күнүнө 1 миң куб метр таза сууга коюлган бонустун ставкасы 13 миң долларды түзөт. Ал эми 100 куб метр минерал жана термалдуу сууга бонустун чени кунүнө 8 миң АКШ доллар деп белгиленген. Белгилей кетчү нерсе 2009-жылдан бери жер алдындагы байлыкка бонус налогу киргизилген. Суу менен камсыздоо мекемелери (Водоканал, ИС-КАКБ жана башка ишканалар) каралган салыкты төлөй албай жатышат. Анткени алардын финансы каражаты жетишсиз. Мисалы «Бишкекводоканал» ишканасынын бонус боюнча карызы болжолдуу эсеп менен 255 млн. сомдон ашат. Мындан улам, Экономика министрлиги, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги менен бирге бул ишти кайра карасын. Ичүүчү сууну жеткирүүчү ишканалар үчүн бонус жана роялти боюнча салыктык жыйымдардын ченин төмөндөтүү боюнча тийиштүү өзгөртүүлөрдү Салык кодексине киргизсин» деди.

Мамлекет башчынын пикири боюнча бул жаатта кошумча инвестиция булактарын табуу да маанилүү иштердин бири болуп саналат. «Климаттын өзгөрүүсү, суу ресурстарынын дефицити, калктын санынын өсүшү, демографиялык өзгөрүүлөр жана урбанизация маселелери келечекте таза суу менен камсыздоо боюнча кыйынчылыктарды жаратат. Эл аралык институттардын божомолдоруна ылайык 2025-жылга карата дүйнө калкынын дээрлик жарымы таза суу тартыш аймактарда жашоого аргасыз болушат. Буга байланыштуу эл аралык коомчулук Париж келишимине кол коюп, бул проблемаларды биргеликте чечүү үчүн атайын климаттык фонддорду түзүшкөн. Бул фонддор арзан жана гранттык негизде акча каражаттарын беришет. Алар климаттын өзгөрүүсүнө карата адаптацияга жана экологиялык зыянды жоюуга багытталган иштерге сарпталат» деген.

Учурда таза суу маселесин чечүүнүн алкагында өлкөнүн таза сууга муктаж 653 айылынын 69 айылында таза суу курулмалары салынып, калыбына келтирилген. Ал иштер Дүйнөлүк банк, эл аралык уюмдар, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалган. 25 айылда таза суу курулмаларынын курулуш иштери аяктап, колдонууга берилген, т.а., 63 миң 313 киши таза суу менен камсыз болгон. 2018-жылы Дүйнөлүк банктын каражаттарынын эсебинен 18 объект жасалып, 33 миң 851 киши таза суу менен камсыз болгон. 2019-жылга карата республикалык бюджеттин эсебинен «Капиталдык салымдар» беренесине 350 мдн сом бөлүнгөн. 2019-жылдагы объекттердин тизмесинде болгон (117 айылды камтыган) 73 объектте курулуш жана реабилитация иштери жүрүүдө. Алардын ичинен жыл ая-гына чейин 22 айылда курулуш иштерин бүткөрүү пландалууда. Анын натыйжасында суу менен 48 миң 606 киши камсыз болот. Өкмөт тарабынан кошумча каражат бөлүнүп калса, 2019-жылдын аягына чейин 44 объектте иштер аягына чыгарылат.

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *