Кыргызстанда 1,5  миң көчөгө ысым бериле элек

Бүгүн, 19-февралда Калкты жана турак-жайды каттоо боюнча республикалык комиссиянын жыйынында Кыргызстанда 1,5  миң көчөнүн аталышы жок экендиги маалым болду.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан боюнча 29 миң көчө бар. Анын 5,3%нын аталышы жок. Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн 11,7%да, Ош облусундагы — 9%да, Талас жана Баткендин — 6,7%да ысым бериле элек.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *