Кыргызстанда 100 бала бакча ачылат

Быйыл 1-сентябрга карата Кыргызстанда 100 жаңы бала бакча ачылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, бала бакчалардын жыйырмасы Чүй, он жетиси Жалал-Абад, он алтысы Ош, он беши Ысык-Көл, он үчү Талас облусунда ачылса, Нарында он эки, Баткен облусунда жети бала бакча ишке киришет. Алар Дүйнөлүк банктын “Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүүнү жакшыртуу” долбоорунун алкагында ачылат.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *