Кыргызстанда 525 миңден ашык үй-бүлө азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам алышты

525 миң 105 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам берилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев өкмөттө өткөн онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен:

– жергиликтүү бюджеттин эсебинен – ​​64 миң 497 үй-бүлө;

– демөөрчүлүк жардам аркылуу – 285 миң 538 үй-бүлө;

– Социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебинен – ​​26 миң 616 үй-бүлө;

– Өкмөттүн токтомунун негизинде – 148 миң 454 үй-бүлө;

Ал белгилегендей, атайын түзүлгөн комиссия гуманитардык жардамды бөлүштүрүү менен алектенди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *